Эксперт Мирбек Маматов: "Кыргызстан көмүр энергетикасына басым жасашы керек"

Эксперт Мирбек Маматов: "Кыргызстан көмүр энергетикасына басым жасашы керек"

“Биринчи радио” эфиринде энергетика тармагы боюнча эксперт Мирбек Маматов инженердик көз караштан алып караганда, эң туруктуу энергетика бул – ири ГЭСтер жана көмүр, газ, атомдук электрстанциялар экенин билдирди. Анын айтымында Кыргызстан энергетикасы бүгүн гидроэнергетикадан көз каранды. 

“Эгер жакшылап маани берсек Токтогул суу сактагычынын көрсөткүчтөрү ар 3-4 жылда юир башкы темага айланат. Бул биз мамлекеттик деңгээлде аба ырайынын шартына көз каранды экендигибизди билдирет. Бирок, бул таптакыр туура эмес”,-дейт ал. 
Эксерттин билдиришинче, Кыргызстандын өзүнүн көмүр кору бар, ошондуктан көмүр энергетикасына басым жасоо керек. “Ооба, бул БУУнун максатына туура келбейт, бирок, биз ага карабай ошол демилгеге бириктик. АКШ “жашыл энергетиканы” тууралуу дүйнөгө таратып, бул багытты өнүктүрүүгө жакшы каражаттарды салган. Бирок жашыл энергетика субсидиялардын эсебинен улам өнүгүп келген”,-дейт ал. 

Буга улай эксперт АКШ президенти алмашары менен тренд өзгөрүп, субсидиялар кыскарып, атомдук, көмүр жана газ энергетикасына терең маани бериле баштаганын айтат. “Мунун өзү улуттук кызыкчылык биринчи орунда турушу керектигин көрсөтөт дейт”,-ал.  

Мындан тышкары окуңуз

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Суусамыр – Талас – Тараз жолун оңдоо иштери уланууда

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Бактылуу Аскар уулу Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Суусамыр – Талас – Тараз автомобиль жолунун IV фазасында аткарылып жаткан иштердин жүрүшү менен жеринен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынын айтымында, учурда 104,6 –197,6-чакырымдар аралыгындагы жолду оңдоо иштери уланууда.  Долбоордун алкагында жол

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаңда" 8,5 чакырым айланма жолдун курулушу уланууда

"Жыргалаң" шахтасынын аймагында узундугу 8,5 чакырымды түзгөн айланма жолдун курулушу уланууда. Бул тууралуу "Ала-Тоо Резорт" ААКсынан билдиришти. Учурда "Флюра-ТЕХ" компаниясынын адистери жолдун негизин даярдоо жана жер иштерин жүргүзүүдө. Анын алкагында жараксыз топурак алмаштырылып, өсүмдүк катмары тазаланып, таш төшөө жана жолдун негизин

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

Кыргызстанга акча которуулар былтыркыга салыштырмалуу азайууда

2026-жылдын жарым жылында Кыргызстанга жеке адамдар тарабынан которулуп келген акчанын таза агымы былтыркы жылдын 6 айына салыштырмалуу 6%га азайды. Бул тууралуу Улуттук банктын акча-кредит саясаты башкармалыгынын башчысы Айнура Мамбеткул кызы маалымдады. Адистин айтымында, акча котруулардын агымынын азайышына жакынкы чыгыштагы жагдай таасир этүүдө.    “Былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча акча

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Уланбек Төрөгелдиев Айыл чарба министринин орун басары болуп дайындалды

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Эрлист Акунбеков жаңы министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын жетекчисин жамаатка тааныштырды. Министрлер Кабинетинин буйругуна ылайык, министрдин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору болуп Уланбек Төрөгелдиев дайындалды. Уланбек Төрөгелдиев 1968-жылы туулган, жогорку билимдүү. Фрунзе политехникалык техникумун, Талас мамлекеттик университетин