Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча эл аралык консультациялар өткөрүлдү

Камбар-Ата-1 ГЭСи боюнча эл аралык консультациялар өткөрүлдү

4-5-ноябрда Стамбулда КРнын Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСинин айлана-чөйрөгө жана социалдык тармакка тийгизген таасирин баалоо (АЧСТБ) долбоору боюнча эл аралык консультацияларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын делегациясын министрдин орун басары Алтынбек Рысбеков жетектеди. Ошондой эле табигый ресурстар, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асель Раимкулова жана тышкы иштер министринин орун басары Темирбек Эркинов катышты.

Иш-чарага Тажикстан, Өзбекстан жана Казакстандан расмий өкүлдөр менен 50дөн ашык эл аралык жана улуттук эксперттер, жарандык коомдун өкүлдөрү онлайн жана оффлайн форматта катышты. Талкуунун негизги максаты — долбоордун экологиялык жана социалдык таасирлерин, ошондой эле жумшартуу жана алдын алуу чараларын талкуулоо, кызыкдар тараптардан сунуштар жана комментарийлер алуу болду.

Долбоор боюнча материалдар 2025-жылдын августунан тартып расмий сайтта — kambarata1.org — жеткиликтүү. Алардын ичинде АЧСТБ долбоору, экологиялык жана социалдык башкаруу пландары, жашоо каражаттарын калыбына келтирүү планы, кызыкдар тараптар менен өз ара аракеттенүү планы жана кумулятивдик таасирди баалоо долбоору бар.

Кыргызстан тарап консультацияларды 2025-жылдын 5-декабрына чейин комментарийлерди кабыл алуу менен улантат. Буга чейин октябрда долбоор аймагындагы беш айылда жана Бишкекте болжол менен 450гө жакын катышуучу менен жергиликтүү жана улуттук консультациялар өткөн.

Энергетика министрлиги Камбар-Ата-1 ГЭСин курууда ачыктык, катышуучулук жана конструктивдүү диалог принциптерин карманууга милдеттенгенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16