Жаратылышка быйыл 102,85 млн сом зыян келтирилген

Жаратылышка быйыл 102,85 млн сом зыян келтирилген

2025-жылдын 9 айында мамлекетке жалпы 102,85 млн сом чыгаша алып келген 3 миң 755 тартип бузуулар катталганын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. 

Министрликтин маалыматы боюнча чыгымдардын секторлор боюнча структурасы төмөндөгүдөй: 

жер ресурстары —39,58 миллиона сом, 337 факт;
атмосфералык аба —17,55 миллион сом, 798 факт;
жаныбарлар дүйнөсү —8,75 миллион сом, 843 факт;
таштандылар —8,69 миллион сом, 587 факт;
өнөр жай коопсуздугу —8,01 миллион сом, 422 факт;
өсүмдүктөр дүйнөсү —5,64 миллион сом, 214 факт;
тоо көзмөлү —5,95 миллион сом, 234 факт;
суу ресурстары —4,49 миллион сом, 193 факт; 
жер астын коргоо —4,19 миллион сом, 127 факт. 

 3 миң 33 материал боюнча 72,77 миллиона сом өндүрүлгөн. 

2024-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу тартип бузуулар 2 миң 15 учурга, чыгым 49,19 млн сомго көп болгон. 

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Акыркы жаңылыктар

Баары

Новопавловкада таза суу убактылуу өчүрүлөт

Көмүрдүн сапаты абанын булганышына канчалык таасир этет?

Каржы пирамидаларын уюштургандарга жазаны катаалдаштыруу сунушталууда

Боз-Учук – Шахта – Жыргалаң жолунун курулуш иштери 62% бүттү

Бишкектин Исакеев көчөсүндө жол оңдоо иштери аяктады