Бишкекте мыйзамсыз иштеген медициналык клиникалар, дары-дармектер табылды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери менен Саламаттык сактоо министрлигинин адистери биргелешип жүргүзгөн текшерүүлөрдө мыйзамсыз иштеген медициналык клиникалар менен уруксат берилбеген дары-дармектердин ири партиясы табылган.
Борбордук клиникалардын биринде документтери жок медициналык буюмдар жана жабдыктар алынган. Ошондой эле ал мекеме салыктык каттоосу жана милдеттүү лицензиясы жок иштеп жатканы аныкталган.

Ошондой эле фармацевтикалык ишмердүүлүк менен лицензиясыз алектенген жеке ишкер Б.А.Мнын кампасынан КРнын медициналык заттар реестринде катталбаган дарылар табылган.
Текшерүүчүлөр оригиналдык “медициналык заттар” маркировкасынын үстүнө чапталган “косметикалык каражаттар” этикеткаларын табышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен актылар түзүлүп жана 5,2 млн сом суммасындагы продукция алынган.