Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Өлкөдө 1 250 миң гектар жерге айыл чарба өсүмдүктөрүн себүү пландалууда

Быйылкы жылдын түшүмү үчүн Кыргызстан боюнча айыл чарба өсүмдүктөрүн себүүнүн жалпы аянты 1 250 миң гектарды түзөрү мерчемделүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Анын ичинен 818 миң гектары сугат жерлер, ал эми 432 миң гектары кайрак жерлер болуп саналат.

Учурда жазгы талаа иштери өлкөнүн түштүк аймактарында (Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары) жана Чүй өрөөнүндө жигердүү жүрүп жатат. Ал эми Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында отчеттук мезгилге карата себүү иштери баштала элек.

Бүгүнкү күнгө карата республика боюнча кылкандуу дан эгиндери 32,6 миң гектар жерге себилди. Анын ичинде буудай 11,4 миң гектарга себилип, анын ичинен Ош облусунда 5,7 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 2,5 миң гектар, Чүй облусунда 1,7 миң гектар, Баткен облусунда 1,5 миң гектар жерди түздү.

Арпа 13,5 миң гектарга себилип, анын ичинен Чүй облусунда 6,3 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 3,2 миң гектар, Баткен облусунда 3,1 миң гектар, Ош облусунда 0,9 миң гектар жерге айдалды.

Мындан тышкары, республика боюнча 2,4 миң гектар жерге картошка отургузулду. Анын ичинде Ош облусунда 1,7 миң гектар, Жалал-Абад облусунда 0,6 миң гектар, Баткен облусунда 0,08 миң гектар жерди түзөт. Ал эми жашылча өсүмдүктөрү Ош облусунда 5 гектар жерге себилди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен