Кыргызстанда жеке ишкерлерди кайра каттоо жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстанда жеке ишкерлерди кайра каттоо жөнөкөйлөтүлдү

Кыргызстанда "Өкмөттүк акселераторлор" программасынын алкагында жеке ишкерлерди (ЖИ) кайра каттоонун жол-жобосу жөнөкөйлөтүлүп, негизги процесстер электрондук форматка өткөрүлгөнүн МинКаб басма сөз кызматы билдирди.

"Узак убакыт бою ишкерлер каттоо маалыматтарына анча чоң эмес өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн да салык органдарына жеке өзү барууга мажбур болуп келишкен. Телефон номерин же электрондук почта дарегин алмаштыруу, экономикалык ишмердүүлүктүн түрүн кошуу же өзгөртүү, башка салык режимине өтүү же юридикалык даректи өзгөртүү — бул операциялардын баары кагаз түрүндөгү арыз тапшырууну жана жеке барууну талап кылган", — делет МинКаб маалыматында.

Натыйжада ишкерлер ар бир жол-жобо үчүн орточо эсеп менен эки-үч саатка чейин убакыт коротуп, кезек күтүүгө туура келген. Ал эми юридикалык дарек башка районго өзгөртүлгөн учурда жол-жобо андан да татаалдашып, эки райондук салык органына кайрылууну талап кылган жана кароо мөөнөтү эки-үч жумушчу күнгө чейин созулган. Бул эскирген практика ишкерлерге ашыкча административдик жүк жүктөп, негизги ишмердүүлүктөн алаксыткан жана мамлекеттик кызматкерлер менен керексиз түз байланыштардын пайда болушуна шарт түзгөн.

"Бүгүн биз бул тоскоолдук системалуу түрдө жоюлганын ишенимдүү айта алабыз. “Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында жеке ишкерлерди кайра каттоонун негизги жол-жоболору толугу менен “Салык төлөөчүнүн кабинети” аркылуу онлайн форматка өткөрүлдү", — деп Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде