Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар артка кайтарылды

Россияда Кыргызстандан келген жашылчалар  артка кайтарылды

14-декабрда фитосанитардык көзөмөл пункту "Черлакский" (МАПП "Ольховка") аймагында Россия ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Омск облусу боюнча инспекторлору Омск бажысынын мобилдик тобу менен биргеликте Кыргызстандан келе жаткан жашылчалар жүктөлгөн жүк ташуучу унааны токтотушкан.

Маалыматка ылайык, Россия Федерациясына киргизүү үчүн фитосанитардык тобокелдиги жогору болгон 21 тонна продукция багытталган. Жүктүн курамында пекиндик капуста, кызыл капуста, түрп, сабиз жана шалгам болгон.

Документтерди текшерүү учурунда фитосанитардык сертификат жараксыз деп табылган. Мындан тышкары, жүктү ташуучу коштоочу документтерде 1 тонна кызыл капустаны көрсөтпөгөнү аныкталган, бирок ал жүк бөлүгүндө чындап бар болгон.

Ведомстводо белгилешкендей, жүк тууралуу толук маалыматтын жоктугу карантиндик объектилерди мыйзамсыз алып кирүү коркунучун жогорулатат. Натыйжада ташуучу Россия Федерациясынын Административдик укук бузуулар кодексинин 10.2-беренеси боюнча административдик жоопкерчиликке тартылып, транспорт каражаты кызмат адамдарынын көзөмөлү астында Казакстандын аймагына кайтарылган.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 2025-жылдын башынан бери адистер өсүмдүк продукциясын мыйзамсыз алып кирүүнүн 34 аракетин токтотушкан. Анын ичинде мыйзам талаптарына жооп бербеген 480 тоннадан ашык жүк Казакстанга жана Кыргызстанга кайра жөнөтүлгөн.

Мындан тышкары окуңуз

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Үйдөгү 3 млн сомду, алтындарды шыпырып кеткен шылуун кармалды

Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери батир уурулуктарына шектелген жаранды кармашты. Тергөө кызматына борбор калаанын тургуну Ж.Н. арыз менен кайрылган. Анын айтымында, 2026-жылдын 30-январынан 31-январына караган түнү белгисиз адамдар "Көк-Жар" конушунда жайгашкан үйүнүн пластик терезесин сындырып кирип, 3 млн сом өлчөмүндөгү акча

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

Мамлекеттик өнүктүрүү банкы Финансы министрлигинен 2 млрд бюджеттик насыя тартты

"КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы бүтүм түзүлгөнү тууралуу маалымдады. Банктын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-февралында "КРнын мамлекеттик өнүктүрүү банкы" ААКы  менен Финансы министрлиги ортосунда банкка 2 млрд сом өлчөмүндө 36 айлык мөөнөткө бюджеттик насыя берүү жөнүндө кредиттик келишим түзүлгөн. Каражаттар экономиканын субъекттерин кайра каржылоого жана буга чейин

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Бишкектеги спорт ордосуна бассейн курулат

Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосуна бассейн куруу пландалып жатканын Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда өткөн көчмө жыйында айтылды. Мэриядан белгилешкендей, жыйында имараттын учурдагы абалы, инфратүзүмүн модернизациялоо маселелери каралды. Мэр спорт ордосун шаардын тарыхый маанилүү имараттарынын бири экенин жана жаңылоодо архитектуралык көрүнүшү сакталышы керектигин баса белгиледи.  Ошондой эле ал

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Умра сапарын уюштуруучу NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясы жокко чыкты

Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы (КМДБ) умра сапарын уюштуруу менен алектенген NUR UMRA Travel компаниясынын аккредитациясын жокко чыгарды. Башкармалыктын маалыматына ылайык, аталган компанияга карата жети акт түзүлүп, зыяратчылардан беш кайрылуу келип түшкөн. Маселени кароо учурунда компаниянын өкүлдөрү аныкталган мыйзам бузууларды жоюу үчүн 9-февралга чейин мөөнөт берүүнү суранышкан. Бирок белгиленген убакыт ичинде