Бишкекке майда көмүр алып киргендер 23 миң сомго чейин айып пул төлөйт

Бишкекке майда көмүр алып киргендер 23 миң сомго чейин айып пул төлөйт

Кыргызстанда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында 0–13 мм өлчөмүндөгү майда фракциядагы көмүрүн алып кирүү, сатуу, сактоо жана пайдалануу үчүн административдик жоопкерчилик киргизүү сунушталды. Тиешелүү өзгөртүүлөрдү Укук бузуулар жөнүндө кодексине киргизүү сунушталып жатат.

Мыйзам долбооруна ылайык, Кодекске 234-берене менен толуктоо киргизилип, көрсөтүлгөн фракциядагы майда көмүрдүн жүгүртүлүшү үчүн айып пулдар белгиленет. Жеке жактар үчүн айып пулдун өлчөмү 75 эсептик көрсөткүчтү (7,5 миң сом), ал эми юридикалык жактар үчүн 230 эсептик көрсөткүчтү (23 миң сом) түзөт. Бул талап жылуулук менен камсыз кылуучу ишканалар үчүн арналган көмүр жеткирүүлөрүнө гана колдонулбайт.

Мыйзам долбоору жаратылышты коргоо мыйзамдарынын сакталышын күчөтүү максатында иштелип чыгып, атмосфералык абанын булганышын азайтууга багытталган.

Түшүндүрмө материалдарда белгиленгендей, сапаты төмөн майда көмүрдү колдонуу, айрыкча жылуулук берүү сезонунда, абанын сапатынын начарлашына алып келген негизги факторлордун бири болуп саналат.

Демилгенин негиздемесинде Дүйнөлүк банктын 2023-жылдагы изилдөөсүнүн маалыматтары келтирилген. Ага ылайык, Бишкек шаарында PM2.5 майда бөлүкчөлөрү менен абанын булганышынын негизги булактары — турак жайларды жылытуу жана автотранспорт болуп саналат. Майда фракциядагы көмүрдү колдонуу жогорку чаң пайда кылуу жөндөмдүүлүгүнө жана күйгөндө зыяндуу заттарды көп бөлүп чыгаргандыгына байланыштуу абалды ого бетер курчутат.

Буга чейин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 токтому менен фракциясы 13 ммге чейинки россып көмүрүн алып кирүүгө, сактоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынган.

Бирок колдонуудагы Укук бузуулар жөнүндө кодексте бул тыюуну бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти караган норма жок болгон. Жаңы мыйзам долбоору ушул боштукту жоюуга жана мыйзам бузууга каршы натыйжалуу механизмди түзүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана Ормуз кысыгынын жабылып калганына байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү кескин азайганын "Казинформ" билдирет. Акыркы маалыматтарга ылайык, бир жума ичинде бул аймактан мунай экспорттоо февраль айына салыштырмалуу кеминде 60% га кыскарган. Мунун негизги себептери - жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана мунай өндүрүүнүн азайышы. Ормуз

Кубада электр энергиясын берүү калыбына келтирилди

Кубада электр энергиясын берүү калыбына келтирилди

Кубанын энергетиктери ири масштабдагы блэкауттан кийин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында электр энергиясын калыбына келтиришти. Жарык батыштагы Пинар-дель-Рио провинциясынан чыгыштагы Ольгин аймагына чейин берилди. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, күн ичинде жарыксыз калган жалгыз аймак — өлкөнүн экинчи ири шаары Сантьяго-де-Куба болгон. Кечкисин ал жерде да электр энергиясы кайра берилди. 16-мартта Кубада электр энергиясы

Кыргызстанда жасалма интеллект борборун курлат – А.Жамангулов.

Кыргызстанда жасалма интеллект борборун курлат – А.Жамангулов.

Кыргызстанда жасалма интеллект тармагында инфраструктуралык кластер түзүү маселеси каралып жатканын бүгүн радио эфиринде санариптик өнүгүү жана инновациялар министри Азамат Жамангулов билдирди. Анын айтымында, санариптештирүүнү өнүктүрүүнү имараттарды куруу же жабдууларды сатып алуу менен гана чектөөгө болбойт. "Жасалма интеллекттин улуттук борборун куруу — бул жөн гана имарат же “темир” эмес. Биринчи кезекте

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын барелли 103,17 долларга көтөрүлдү

Brent мунайынын баасы бир баррелине 103,17 долларга чейин көтөрүлгөнүн Интерфакс кабарлады.  Маалыматка караганда, Лондондун ICE Futures биржасында Brent 2,96 долларга (2,95%) жогорулап, бир баррелине 103,17 долларды түздү.  Ал эми NYMEX биржасында WTI маркасындагы мунай 2,97 долларга (3,18%) жогорулап, бир баррелине 96,47 доллар болду.