Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү 60%га кыскарды

АКШ менен Ирандын ортосундагы чыңалуу жана Ормуз кысыгынын жабылып калганына байланыштуу Перс булуңундагы өлкөлөрдө мунай өндүрүү кескин азайганын "Казинформ" билдирет.

Акыркы маалыматтарга ылайык, бир жума ичинде бул аймактан мунай экспорттоо февраль айына салыштырмалуу кеминде 60% га кыскарган. Мунун негизги себептери - жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр жана мунай өндүрүүнүн азайышы.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жеткирүүнүн болжол менен 20% өтүүчү маанилүү жол болуп эсептелинет. Анын жабылышы экспорттоочулардын жүктөрүн жана айрым кендерде өндүрүштү убактылуу токтотууга мажбур кылды. Бул дүйнөлүк рынокто ири каатчылыкты жаратты.

Бириккен Араб Эмираттары - мунай өндүрүүнү эки эседен көп, Сауд Аравиясы - 20%га жана Ирак - болжол менен 70%га азайткан.
Аналитиктердин айтымында, сегиз өлкө (Сауд Аравиясы, Кувейт, Иран, Ирак, Оман, Катар, Бахрейн жана БАЭ) боюнча мунай экспорту мурдагы 25 млн баррелден суткасына орто эсеп менен 9,7 млн баррелге чейин түшкөн. Айрым талдоолордо бул көрсөткүч 7,5 млн баррелге чейин жетип, 71% га төмөндөгөнү айтылууда.

Атап айтканда, Жакынкы Чыгышта мунай өндүрүү күнүнө 7- 10 млн баррелге чейин кыскарганы белгиленүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media