Быйыл Кытай мамлекет башчысы Си Цзиньпин Кыргызстанга иш сапары менен келет
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына даярдыктар башталганын билдирди.
Тышкы саясат ведомствосунун башчысы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, өткөн жыл маанилүү эки тараптуу байланыштарга бай болгонун баса көрсөттү.
Тактап айтканда, Президен Садыр Жапаровдун Кытайга мамлекеттик сапары болуп, ошондой эле "Борбор Азия — Кытай" форматындагы жолугушууларда жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөр өткөн.
Министрдин айтымында, 2026-жыл да кыргыз-кытай мамилелеринде активдүү жыл болот. Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын Кыргызстанга боло турган сапары эки тараптуу күн тартиптеги негизги окуялардын бири болуп саналат. Күтүлүп жаткандай, сапардын программасы мазмундуу болуп, кызматташуунун ар кыл багыттарын камтыйт.