МинКаб көрүүсү начар балдар үчүн мектеп-интернатка 10 Брайль машинкасын тапшырды

МинКаб көрүүсү начар балдар үчүн мектеп-интернатка 10 Брайль машинкасын тапшырды

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы азиз жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын мектеп-интернатка Perkins Brailler Classic үлгүсүндөгү 10 жазуучу машинканы тапшырганын өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады.

Бул жабдууларга болгон муктаждык өткөн жылдын сентябрь айында Министрлер Кабинетинин төрагасынын аталган билим берүү мекемесине болгон сапары учурунда айтылган. Жазуучу машинкаларды сатып алуу үчүн төраганын резервдик фондунан 3 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.

Жалпысынан 20 даана жабдуу сатып алынган: анын 10у Бишкектеги мектеп-интернатка берилсе, калган 10у Ош шаарындагы көрүүсү начар балдар үчүн мектеп-интернатка өткөрүлүп берилет.

Perkins Brailler Classic Брайль системасы боюнча жазууга үйрөтүүдө колдонулат. Бул машинкалар окуу процессин системалуу жана практикалык багытта уюштурууга мүмкүндүк берип, окуучулардын өз алдынча иштөө көндүмдөрүн өнүктүрөт жана мугалимдердин ишин жеңилдетет.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы