В.Путин АКШда тоңдурулган каражаттардан "Тынчтык кеңешине" 1 млрд доллар бөлөрүн билдирди

В.Путин АКШда тоңдурулган каражаттардан "Тынчтык кеңешине" 1 млрд доллар бөлөрүн билдирди

Россия АКШда тоңдурулган каражаттардан "Тынчтык кеңешине" 1 миллиард доллар бөлүүгө даяр экенин Россиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү менен өткөн жыйында билдирди.

Өлкө лидери белгилегендей, Россия ар дайым эл аралык туруктуулукту чыңдоого багытталган аракеттерди колдоп келген. Анын айтымында, Россиянын Тышкы иштер министрлиги "Тынчтык кеңешине" кошулуу сунушун изилдеп чыгып, союздаштар менен кеңешкенден кийин Москва расмий жообун берет.

Владимир Путин Дональд Трамптын "Тынчтык кеңешин" түзүү тууралуу сунушу негизинен Жакынкы Чыгыштагы кырдаалды жөнгө салууга жана Палестина маселесин чечүү жолдорун издөөгө багытталганын кошумчалады.

"Эң башкысы — Газа боюнча жүрүп жаткан процесс Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салууга оң таасирин тийгизиши керек. Газа секторун калыбына келтирүүдө палестин элинин каалоо-тилектери сөзсүз эске алынышы зарыл. Россиянын палестин эли менен өзгөчө мамилеси бар. Ал АКШда тоңдурулган каражаттардан “Тынчтык кеңешине” 1 миллиард доллар бөлүүгө даяр", — деди ал.

Эске салсак, "Тынчтык кеңешин" түзүү демилгесин АКШ президенти көтөргөн. Дональд Трамп бул кеңешке бир катар мамлекеттердин лидерлерин чакырган.

Буга чейин Ак үйдүн администрациясы Газаны башкаруу боюнча улуттук комитет (NCAG) түзүлгөнүн жарыялаган. "Тынчтык кеңешине" кирүү үчүн 1 млрд доллар төлөө талап кылынат. Кеңештин төрагасы катары Дональд Трамп катышуучуларды чыгарууга же чакырууга, чечимдерге бөгөт коюуга жана жаңы түзүмдөрдү түзүүгө укуктуу болот.

Мындан тышкары окуңуз

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

МинКаб Сокулукта 2 чакан ГЭСти куруу боюнча инвестициялык келишимди жактырды

Министрлер кабинети Сокулук ГЭС-3 менен Чүй облусунун Сокулук районунда "Сокулук ГЭС-3" жана "Туюк ГЭС" чакан гидроэлектр станцияларын куруу долбоорун ишке ашыруу боюнча инвестициялык келишимдин долбоорун жактырды. Келишимге Министрлер кабинетинин атынан кол коюу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин жетекчисине жүктөлдү. Келишим долбооруна ылайык, биринчи этапта Сокулук

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

"Аю Холдинг" компаниясынын ээси Ш. Абдыкеримов К.Ташиевге жооп берди

Учурда чет өлкөдө жашап жаткан ишкер, Кыргызстанда "Аю Холдинг" ири компаниясын түптөгөн экс-депутат Шаршенбек Абдыкеримов УКМК мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге жооп берди. Ал мүлкүнөн айрылганы боюнча “болгон фактыны” айтып жатканын 28-мартта Фейсбук баракчасына жазганын "Азаттык" жарыялады. “Урматтуу Камчыбек Ташиев, сиз менин кайрылуумду “калп” деп жатасыз. Мен

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

"Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" – Глобалдык акча жумалыгы

Эртеңден тартып Кыргызстанда финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча жыл сайын өтүүчү Глобалдык акча жумалыгы башталарын Улуттук банктан билдиришти. Өнөктүк "Акчаны туура колдонуу - үйдө береке болгону" деген ураан менен өтөт. Анда калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу, чыгашаларды көзөмөлдөө жана инвестициялоо көндүмдөрүн калыптандыруудан тартып, алдамчылыктан коргонуу ыкмалары боюнча маалыматтар берилет. 30-марттан

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө азык-түлүк каатчылыгына кептелиши ыктымал

Дүйнө өлкөлөрү азык-түлүк кризисинин босогосунда турганын жана дүйнөлүк азык-түлүктүн 50%ы синтетикалык жер семирткичтерге көз каранды экенин аналитик Лукас Эквуаме эскертти. Түндүк жарым шарда эгүү сезону башталып жатат, бирок жер семирткичтерге жеткиликтүүлүк өтө чектелүү. Ормуз кысыгындагы көйгөйлөрдөн улам жер семирткичтердин жеткирүүлөрүнүн болжол менен 30%ы үзгүлтүккө учурады, дагы 20%ы