Кыргызстан Евробиримдик менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар

Кыргызстан Евробиримдик менен кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар

Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директору Сейтек Жумакадыр уулу Европа биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту.

ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар консулдук багыттагы кыргыз-европа кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде визалык саясат жаатындагы диалогду өнүктүрүү, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле санариптештирүү жана миграциялык процесстерди башкаруунун заманбап инструменттерин киргизүү боюнча тажрыйба алмашуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар туруктуу байланыштарды улантууга жана Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү мындан ары чыңдоого өз ара кызыкдар экендиктерин ырысташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти

Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында 2026-жылдын январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, бюджеттин аткарылышы, жаңы 100 күндүк реформалар жана жазгы талаа иштерине даярдык каралды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алдын ала маалымат боюнча, январь-февраль айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 264,1 млрд сомду түзүп, өткөн

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

МИК май айында кезекте тургандарга батирлерди бере баштайт

Мамлекеттик ипотекалык компания май айынан тарта Бишкекте турак жай алуу үчүн кезекте турган жарандарга батирлерди бере баштарын "Биринчи радио" эфиринде Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нургазы Атаканов билдирди. Анын айтымында, учурда борбор калаада бир нече объектилердин курулушу аяктоо алдында турат. Алар: Маликов көчөсүндөгү (мурунку №47 колониянын аймагы)

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

ӨКМ: 18-мартка чейин айрым жолдордо кар көчкү коркунучу бар

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 18-мартка чейин өлкөнүн тоолуу райондорунда жана негизги унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар экенин эскертти. Ведомствонун маалыматына ылайык, туруксуз аба ырайына байланыштуу айрым ашууларда жана капчыгайларда этият болуу зарыл. Алардын катарына Бишкек — Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолу, Бишкек

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрүп, аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жерде фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүүнү караган эскиздик долбоор даярдалган. Шаар