Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти

Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында 2026-жылдын январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, бюджеттин аткарылышы, жаңы 100 күндүк реформалар жана жазгы талаа иштерине даярдык каралды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалымат боюнча, январь-февраль айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 264,1 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өстү. Курулуш тармагы 23,2%, кызмат көрсөтүү 6,7%, айыл чарбасы 2,6% өссө, өнөр жай 15,5%га жогорулады.

Жыйында бюджеттин аткарылышы да талкууланып, салык жана бажы кызматтары, ошондой эле Финансы министрлиги маалымат берди. Бюджеттик тапшырмаларды өз убагында жана толук аткаруу зарылдыгы белгиленди.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында эки реформа сунушталды. Биринчиси — баалуу кагаздар рыногунда кардарларды дистанциялык санариптик идентификациялоо. Бул брокердик эсептерди аралыктан ачууга мүмкүнчүлүк берип, идентификация процессин 15 мүнөткө чейин кыскартат.

Экинчи реформа — ден соолук маалымкаттарын санариптештирүү. “Санарип Клиника” системасы жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу медициналык сертификаттын электрондук версиясы киргизилет. Натыйжада каттоо мөөнөтү 8 күндөн 4 күнгө чейин кыскарып, медициналык мекемелерге кайрылуу 5тен 2ге чейин азаят.

Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашыруу тапшырылды.

Ошондой эле жыйында жазгы талаа иштерине даярдык каралып, аймактардагы даярдыкты күчөтүү жана дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

Бишкекте 5-ноябрда жаштар форуму өтөт

5-ноябрда Бишкек шаарындагы Жаштык Аренада "Кыялымдагы Кыргызстан" жаштар форуму өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлады. Билдирүүгө караганда, иш-чарага активдүү жаштар, студенттер жана жаш лидерлер катышат. Алар өлкөнүн өнүгүү багыттары боюнча өз ойлорун жана сунуштарын билдирүүгө мүмкүнчүлүк алышат. Форумдун максаты — жаштардын өлкөнүн өнүгүүсүнө байланыштуу демилгелерин колдоо, алардын

Ишкер Media
Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Ала-Бука районунда 29 айыл таза суу менен камсыздалды

Өлкө башчысы Садыр Жапаров 25-октябрда Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Ала-Бука районунун 2021–2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Маалымдалгандай, Ала-Бука районунда аталган жылдары 29 айыл таза ичүүчү суу менен камсыздалып, 66 чакырымдан ашык жол асфальтталды. Ошондой эле

Ишкер Media
Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

Улуттук банк насыяларды мөөнөтүнөн мурда төлөө жана күрөөнү текшерүү тартибин өзгөртүүнү сунуштады

КРнын Улуттук банкы насыяларды аралыктан тейлөө каналдары аркылуу мөөнөтүнөн мурда төлөө жол-жоболорун өркүндөтүүнү жана күрөөгө коюлган кыймылдуу мүлктү видео аркылуу текшерүү мүмкүнчүлүгүн киргизүүнү сунуштады. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банктын коомдук талкууга чыгарган токтом долбоорунда камтылган. Документке ылайык, насыя алуучуларга банкка барбастан, аралыктан тейлөө каналдары аркылуу насыясын мөөнөтүнөн мурда төлөө мүмкүнчүлүгүн

Ишкер Media
Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү Россиянын бизнес коомчулугуна тааныштырылды

Соода-өнөр жай палатасынын Россия Федерациясындагы расмий өкүлү Кубанычбек Осмонбеков инвестициялык коомчулуктун өкүлдөрүнө Кыргызстандын инвестициялык потенциалын тааныштырды. Мекеменин маалыматына ылайык, анда өлкөнүн инвестиция тартуудагы артыкчылыктуу багыттары, Кыргызстан менен Россиянын соода-экономикалык кызматташтыгын кеңейтүү жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү баяндалды. Өзгөчө көңүл Кыргызстандын банк секторуна, эл аралык эсептешүүлөргө, ошондой эле

Ишкер Media