Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бишкекте ЦУМдун аймагын көрктөндүрүү иштери башталат

Бүгүн Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинде көчмө жыйын өткөрүп, аймакты көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Учурда менчик ээлери мурда курулган конструкцияны демонтаждоо иштерин жүргүзүп жатышат. Бул жерде фонтандык композицияны калыбына келтирүү жана жашыл аймакты көрктөндүрүүнү караган эскиздик долбоор даярдалган.

Шаар башчысы "Айчүрөк" ЦУМунун жетекчилигине кайрылып, мурда кетирилген каталарды кайталабоого чакырып, бул аймак шаар тургундары үчүн ачык болуп, коомдук эс алуу жайына айланышы керектигин белгиледи.

Мэр демонтаж иштеринен кийин аймакты тез арада калыбына келтирүү жана көрктөндүрүү иштерин баштоо үчүн акыркы долбоорду кийинки шаар куруу кеңешинин жыйынына даярдоону тапшырды.

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев "Ташболот холдинг" компаниясынын өкүлдөрү менен бирге Old Bishkek долбоорунун аймагын да текшерди. Бул жерде менчик ээлери үч кабаттуу имаратты демонтаждоо чечимин кабыл алышкан. Шаар тургундарынын пикирин эске алуу менен аталган жерде жөө адамдар үчүн аймак жана жашыл зона уюштуруу пландалууда.

Текшерүүнүн жыйынтыгында мэр шаардык кызматтарга бул долбоорлордун ишке ашырылышын көзөмөлгө алууну тапшырды. Ошондой эле Чүй проспектисинин боюндагы бардык объектилер, анын ичинде Beren Gold имараты борбор калаанын дизайн-кодуна ылайык келтирилиши керектиги белгиленди.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен