The Washington Post басма үйү башкага сатылабы?

The Washington Post басма үйү  башкага сатылабы?

The Washington Post (WP) гезитинин башкы аткаруучу директору Уилл Льюис кызматтан кетти. Февраль айынын башында эле басылма кызматкерлерди массалык түрдө кыскартуу пландары тууралуу жарыялаган болчу.

Учурда башкы директордун милдеттерин убактылуу гезиттин каржы директору Джефф Д’Онофрио аткарат.

Гезиттин ээси, миллиардер Джефф Безос жетекчиликтин алмашуусуна байланыштуу комментарий берип, Д’Онофрио басылманы "жаңы, кызыктуу баскычка" алып чыга ала турганын билдирди. Ал эми кызматкерлерди массалык түрдө кыскартуу тууралуу маалыматка комментарий берген жок.

WPнин кызматкерлеринин профсоюзу X социалдык тармагында Уилл Льюистин отставкасы көптөн бери күтүлүп келгенин жазды. "Анын мурасы улуу америкалык журналисттик институтту кыйратууга жасалган аракет катары эсте калат... Джефф Безос бардык кыскартууларды дароо токтотушу же гезитти анын келечегине инвестиция салууга даяр адамга сатып жибериши керек", — деп айтылат билдирүүдө.

4-февралда Reuters, The New York Times (NYT) жана башка ЖМКлар WPнин жетекчилиги 300гө жакын журналистти жумуштан бошотконун билдиришкен. Кыскартууларга эл аралык бөлүм туш болгон. Спорт жана китеп бөлүмдөрү, ошондой эле күн сайын чыгуучу Post Reports подкасты жабылат. NYTнин жазышынча, жумуштан бошотуулар жазылуучулардын санынын азайышы жана киреше маселелери менен байланыштуу болгон.

Мындан тышкары окуңуз

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Мал ээлерине маанилүү маалымат: Кайсы вакциналар бекер?

Учурда Кыргызстанда мал-жандыктардын ооруларынын алдын алуу максатында профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Айрым биологиялык каражаттар мамлекет тарабынан акысыз берилүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Тактап айтканда, шарп, бруцеллез, кутурма, сибирь жарасы, ошондой эле кой-эчкилердин күл жана кыргын ылаңдарына каршы вакциналар бекер камсыздалат. Мындан

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкекте автобус айдоочуларынын айлыгы жогорулатылат

Бишкек шаардык кеңешинин турак жай-коммуналдык чарбалары боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек шаардык транспорт ишканасынын өкүлү борбордо коомдук транспорт айдоочулары жетишсиз экенин билдирди. Анын айтымында, штат боюнча Бишкекте 3 миң 200 айдоочу иштеши керек, бирок иш жүзүндө линияга болгону 2 миң 600 адам чыгат. Башкача айтканда, 500–600 айдоочу жетишпейт. Маалыматка ылайык,

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстан балы Өзбекстан рыногуна чыга баштайт

Кыргызстандын Өзбекстандагы Соода өкүлчүлүгү ата мекендик “Медовая Артель” ишканасынын балы коңшу өлкөнүн рыногуна чыгуусуна көмөктөштү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Соода өкүлчүлүгү тарабынан компанияга комплекстүү коштоо камсыз кылынды. Анын ичинде Өзбекстандын аймагында юридикалык жак ачууга көмөк көрсөтүлүп, ишкердик жүргүзүү маселелери боюнча кеп-кеңештер берилди. Ошондой эле жергиликтүү

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

Казакстандын бюджети өтө бекем теңгеден жабыркашы мүмкүн

2026-жылдын II кварталынын башында Казакстандын улуттук валютасы — теңгенин позициясы кыйла бекемделгенин inbusiness.kz сайтына шилтеме кылуу менен economist.kg сайты жазды. Эксперттер муну мунайдын баасынын жогору болушу жана салык мезгилинин аякташы менен түшүндүрүшүүдө. Бирок улуттук валютанын ашыкча бекемделиши бюджет үчүн түз коркунуч жаратат, анткени мунай сатуудан түшкөн кирешелер теңге менен