Кара-Суу районунда суу каналдары тазаланып жатат

Кара-Суу районунда суу каналдары тазаланып жатат

Ош облусунун Кара-Суу районунда сугат каналдары тазаланып, Ош шаарын аралап өткөн каналдар иретке келтирилип айрым бөлүктөрү бетондолуп жатат.

Мыйзамсыз курулуштар алынгандан кийин суу жээктери бошоп, тазалоо иштерине техникалардын киришине мүмкүнчүлүк түзүлдү. Мындан сырткары суу бөлүштүрүү жайларында капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары аткарылууда. Суунун агымына тоскоолдук жараткан бак-дарактар кыйылып, ылай таштандылар тазаланып жатат.

Жазгы сугатка даярдык 2025-жылдын октябрында башталган, ошол мезгилден тарта атайын техникалар тартылып, каналдар механикалык жол менен тазаланып, бетондолуп март айында жумуштар толугу менен аяктап дыйкандарга сугат суу бериле баштайт.

Бүгүнкү күндө “Араван-Ак-Буура”, “Кайырма”, “Жаны”, “Жообас”, “Жекелик”, “Увам”, “Муян”, "Южный" каналдарында тазалоо, оңдоп-түзөө жумуштары жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media