Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады
Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты.
Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн улуттук маданий салттарына арналган концерттик программаны көрүштү.
Ошол эле күнү президент Түрк дүйнөсүнүн жогорку ордени менен сыйланды. Сыйлоо жөнүндө чечим ТМУга мүчө мамлекеттердин башчылары тарабынан президенттин түрк дүйнөсүнүн биримдигин чыңдоого жана боордош өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө кошкон салымын таануу иретинде кабыл алынган.
Эртеси күнү Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун мамлекет башчыларынын 13-саммити өтүп, ага Президент Садыр Жапаров катышты.
Саммиттин жыйынтыгы боюнча уюмга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери бир катар көп тараптуу документтерге, анын ичинде ТМУнун 13-саммитинин декларациясына жана уюмдун башкаруучу органдарындагы кадрдык маселелер боюнча чечимдерге кол коюшту.
Ошондой эле мамлекет башчы Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.