Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн.

"Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук система аркылуу маалымат алмашуу боюнча келишим түзгөн. Бул маалымат алмашууну тездетүүгө жана иш кагаздарын кыскартууга шарт түзгөн", - деп айтылат маалыматта.

2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук система аркылуу маалымат алмашуу боюнча келишим түзгөн. Бул маалымат алмашууну тездетүүгө жана иш кагаздарын кыскартууга шарт түзгөн.

Ошондой эле сот тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлөө укугунан ажыратылган адамдардын тиешелүү кызматтарга дайындалышына жол бербөө үчүн реестр түзүү жана мамлекеттик органдар ортосунда маалымат алмашуу механизмдерин өркүндөтүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пробация сот тарабынан белгиленген милдеттердин аткарылышын көзөмөлдөөнү, адамды кайра социалдаштырууну жана жаңы укук бузуулардын алдын алууну камтыйт.

Белгилей кетсек, тогуз айда прокуратура органдары пробация органдарында мыйзамдардын аткарылышы боюнча 79 текшерүү жүргүзгөн. Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, 15 сунуш киргизилген жана алты кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылган.

Мындан тышкары окуңуз

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Айгүл Жапарова Түрк мамлекеттер уюмунун жыйынына катышты

Биринчи айым Айгүл Жапарова Түркиянын Анкара шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында үй-бүлө жана аялдар маселелери боюнча Жогорку ардактуу кеңештин биринчи жыйынына катышты. Анда биринчи айым аялдарды колдоо, үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана санариптик доордо балдарды коргоо маселелерине токтолду. Ал үй-бүлөнүн биримдигин чыңдоого жана балдарга бактылуу балалык тартуулоого

Ишкер Media
Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот

Бишкекте жаңы салынып жаткан чыгыш айланма жолун колдонуу үчүн орточо 500 сом төлөө керек болот. Бул тууралуу жол салып жаткан компаниянын жетекчиси Русланбек Кайымбаев журналисттерге билдирди. Долбоорду "Тез жол" компаниясы мамлекеттик-жеке өнөктөштүк менен ишке ашырууда. Курулуш келерки жылдын май айында аяктайт деп пландалып жатат. Узундугу 16 чакырымдан

Ишкер Media
Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media