"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

"Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси түзүлдү

Кыргызстанда жаңы мамлекеттик медиа бирикме — "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү мамлекеттик мекемеси түзүлүп, тийиштүү чечимге МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, токтом президенттин "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Бул чечим мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарын өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган.

Жаңы мекеме төмөнкү уюмдарды бириктирүү жолу менен түзүлдү:

  • "Кыргыз Туусу" басма үйү;
  • "Слово Кыргызстана" басма үйү;
  • "Байчечекей" балдар журналынын редакциясы;
  • "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналынын редакциясы.

МинКабда белгилешкендей, бирдиктүү маалыматтык-басма үйүн түзүү мамлекеттик медиа тутумун модернизациялоонун, алардын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуунун жана өлкөнүн маалымат мейкиндигин бекемдөөнүн маанилүү кадамы болуп саналат.

Кабыл алынган чечимдер мамлекеттик маалымат саясатынын алкагында бирдиктүү редакциялык саясатты жүргүзүү үчүн институционалдык шарттарды түзүүгө, мамлекеттик медианы башкаруу системасын чыңдоого, контентти өндүрүүнүн жана жайылтуунун натыйжалуулугун арттырууга мүмкүндүк берет.

Токтом менен "Кыргыз Туусу" маалыматтык-басма үйү" мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо, штаттык бирдиктердин чектүү саны, кызматкерлер үчүн коэффициенттер жана квалификациялык талаптар бекитилди.

Мындан тышкары окуңуз

Маркировкасы жок 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

Маркировкасы жок 22 тонна картошка Кыргызстанга киргизилген жок

7-апрелде Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгына караштуу “Ак-тилек автожолу” фитосанитардык текшерүү постунда Казакстан Республикасынан импорттолуп келген 22 тонна картошка продукциясы текшерүүдөн өткөрүлдү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Фитосанитардык көзөмөлдүн жүрүшүндө продукциянын таңгагында талапка ылайык маркировкасы жок экендиги аныкталды. Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы №157 чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар

Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды

Азия чемпионаты: Кыргызстан грек-рим күрөшүндө 3 алтын медаль утуп алды

7-апрелде Бишкек шаарында өткөн спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында грек-рим күрөшү боюнча финалдык беттештер жыйынтыкталып, кыргызстандык балбандар үч алтын медаль багындырышты. 63 кг салмак категориясында Афтандил Таалайбек уулу финалда ирандык Эрфан Жарканини 7:2 эсебинде жеңип, Кыргызстанга алгачкы алтын медалды алып келди. 77 кг салмакта Акжол Махмудов чечүүчү кармашта ирандык

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды

Бишкекте жер мунапысы боюнча 37 арыз каралды

Бишкекте жер мунапысынын алкагында иштер үзгүлтүксүз улантылып жатканын мэриядан билдиришти. Маалыматта белгиленгендей, Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү органдар менен биргеликте жер мунапысына туш келген объектилер боюнча иштерди жүргүзүүдө. Комиссия тарабынан 37 материал каралып, ар бири боюнча тиешелүү чечим кабыл алды.

Садыр Жапаров аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду

Садыр Жапаров аракетке жөндөмсүз жарандардын укуктарын кеңейткен мыйзамга кол койду

КРнын Президенти Садыр Жапаров Жарандык кодекске жана Жарандык процесстик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам 2026-жылдын 26-февралында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Документ аракетке жөндөмсүз деп табылган жарандардын укуктарын коргоону күчөтүүгө, алардын укуктарын өз алдынча коргоого катышуусун кеңейтүүгө жана аракетке жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү жол-жоболорун жөнөкөйлөтүүгө багытталган. Жаңы