Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Кыргызстан–Сауд Арабия: Мамлекеттик мектептерди куруу макулдашылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев “Мамлекеттик мектептерди куруу (2-фаза)” долбоорунун алкагында Эр-Рияд шаарына иш сапары менен барды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

18-февралда өткөн жолугушууга Кыргыз Республикасынын Сауд Арабиясы Королдугундагы Элчиси Улугбек Марипов, Сауд өнүктүрүү фондунун башкы директору Аль Маршад, ошондой эле министр баштаган делегация катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар расмий сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, долбоордун техникалык тапшырмасы бекитилди. Ошондой эле Кыргызстандын аймактарында курула турган мамлекеттик мектептердин тизмеси каралып, кызматтардын сапаты, заманбап билим берүү инфраструктурасын түзүү жана этап-этабы менен ишке ашыруу маселелери талкууланды.

Долбоордун кийинки фазасын ишке ашыруу үчүн кошумча инвестицияларды жана финансылык каражаттарды тартуу мүмкүнчүлүктөрү да каралды. Тараптар билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдө эки тараптуу өнөктөштүктү бекемдөөгө даяр экендиктерин билдиришти.

Белгилей кетсек, долбоор алкагында буга чейин 50 млн АКШ доллары (187,5 млн сауд риалы) көлөмүндө келишим түзүлгөн. Анын негизинде:
  • Бишкек шаарында 5 жаңы мектеп жана 7 кошумча окуу корпусу курулат;
  • Чүй облусунда 2 жаңы мектеп курулат;
  • Объекттердин сыйымдуулугу 150дөн 1000 окуучу орунга чейин ылайыкташтырылат.

Долбоорду 2026-жылдан 2029-жылга чейин толук ишке ашыруу пландалууда.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Улуттук банк 2025-жылдын IV чейрегинде финансы уюмдарына карата жүздөгөн чараларды колдонду

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2025-жылдын төртүнчү чейрегинде өз көзөмөлүндөгү банк эмес жана адистештирилген финансы-кредит уюмдарына карата бир катар таасир этүү чараларын колдонду. Аталган мекеменин маалыматка ылайык, текшерүүлөр инспектордук текшерүү жана тышкы көзөмөл аркылуу жүргүзүлгөн. Бул иш-чаралардын негизги максаты – финансы секторунда мыйзам талаптарынын сакталышын камсыз кылуу жана кардарлардын укуктарын коргоо болуп

Бишкекте 58 миң  доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды

Бишкекте 58 миң доллар турган 4 унааны алдап алган жаран кармалды

Бишкекте 4 унааны алып из жашырган жаран алдамчылыкка шектелип кармалганын Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, милицияга 5-апрелде А.А. аттуу жаран арыз менен кайрылып, С.И. аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранган. Шектүү алдоо жолу менен унааларды сатууга көмөк көрсөтүү шылтоосу менен жалпы баасы 58

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

Баткенде чек араны бекемдөө иштери жүргүзүлүп жатат

КРнын бажы органдарынын жана Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлдөрү биргеликте мамлекеттик чек араны бекемдөө иштерине катышууда. Алар биргелешип Баткен облусунун Самаркандек айылындагы Оток тилкесинде тосмолорду орнотуу иштерин жүргүзүштү. Мамлекеттик бажы кызматынан кабарлагандай, чек араны бекемдөө иштерине катышуу демилгеси «Баткен» бажысынын кызматкерлери тарабынан офицердик жыйында сунушталып, колдоого алынган. Иш-чарага Мамлекеттик бажы

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргызстанда кайра жаралуучу энергия булактары боюнча изилдөө борбору ачылды

Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин базасында жаңыланып туруучу энергия булактары боюнча изилдөө жана тренинг борбору ачылганын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.  Бул демилге Швейцариянын Женева шаарында жайгашкан Булан институту (Bulan Institute for Peace Innovations) жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте ишке ашырылды. Аталган борбор энергетика тармагындагы адистерди