Ишенимге кирип 50 миң доллар алдап кеткен жаран кармалды
Биринчимай райондук ички иштер башкармалыгына 2025-жылдын 23-сентябрында Р.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылып, "К." аттуу жаранга карата чара көрүүнү суранганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын 31-июлунда аталган жаран Бишкек шаарындагы Радищева көчөсүндө жайгашкан курулуш объектисинде иш баштоону сунуштап, ишенимине кирип, 50 миң долларын алып кеткен. Кийин алган милдеттенмелерин аткарбай, из жашырып кеткен.
Бул факт боюнча Биринчимай райондук тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси ("Ишеним берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1991-жылы туулган Э.К. аттуу жаран аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде шектүү катары Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.