ЖККББнын формалык кийимдерине 10 млн 335 миң сом жумшалат
ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынын формалык кийимдерин сатып алуу боюнча тендер жарыяланды.
Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 10 млн 335 миң сом жумшоо пландалууда. Анын ичинен 6,4 млн сом куртка жана шым (жалпы 1 950 даана) сатып алууга, ал эми 3,9 млн сом ушундай эле сандагы пуловерлерге каралган.
Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 25-февралга чейин кабыл алынат.
Келишим түзүлгөндөн кийин товар 20 жумушчу күндүн ичинде жеткирилиши керек.