Венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоору биринчи окууда колдоо тапты
Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети 2-марттагы жыйынында "Венчурдук каржылоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун карап, биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Министрлер Кабинетинин Төрагасы.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директорунун орун басары Жалын Жээналиевдин айтымында, документ инвестициялык климатты жакшыртууга жана венчурдук ишмердүүлүк үчүн жагымдуу укуктук шарттарды түзүүгө багытталган. Аталган мыйзам стартаптарды жана инновациялык компанияларды венчурдук инвестициялар аркылуу колдоону көздөйт.
Мыйзам долбоору менен "венчурдук каржылоо (инвестициялар)", "венчурдук инвестор", "венчурдук башкаруучу", "венчурдук фонд", "бизнес-ангел" жана "стартап" түшүнүктөрүн мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда.
Талкуу учурунда депутаттар стартаптарды каржылоо механизмдерине, венчурдук фонддордун ишин жөнгө салууга, алардын уставдык капиталынын өлчөмүнө жана ишмердүүлүгүнө коюлуучу талаптарга көңүл бурушту. Ошондой эле мүмкүн болгон тобокелдиктерге байланыштуу көзөмөлдү күчөтүү маселеси көтөрүлдү.
Комитет төрайымы Токтобүбү Ашымбаева өлкөдөгү «бизнес-ангелдердин» саны жана жогорку окуу жайларынын базасында түзүлгөн стартап-долбоорлорду колдоо механизмдери тууралуу суроолорду узатты. Маалыматка ылайык, учурда республика боюнча бир гана «бизнес-ангел» бар. Мыйзам кабыл алынгандан кийин алардын саны көбөйүшү мүмкүн экени белгиленди.