Өзбекстан Кыргызстанга былтыр 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттогон

Өзбекстан Кыргызстанга былтыр 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттогон

2025-жылы Өзбекстандан Кыргызстанга 5 миң тоннадан ашык помидор экспорттолгонун Өзбекстандын Улуттук статистика комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Өзбекстан 12 мамлекетке жалпысынан 45,2 миң тонна помидор сатып, 36 млн доллар өлчөмүндө киреше тапкан. 2024-жылга салыштырмалуу экспорттун көлөмү 3,3 миң тоннага азайган.

Өзбек помидорунун негизги сатып алуучулары КМШ өлкөлөрү болду. Россия 32 миң 786 тонна, Казакстан 6 миң 850 тонна продукция импорттогон. Кыргызстан 5 миң 115 тонна менен алдыңкы үчтүккө кирди.

Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмираттарына 325,8 тонна, Тажикстанга 48,2 тонна жөнөтүлүп, башка өлкөлөргө 81,6 тонна экспорттолгон.

Мындан тышкары окуңуз

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Данияр Үсөновдун баласы Казакстанда камакка алынды

Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Данияр Үсөновдун уулу, Урмат Үсөнов Казакстанда кармалганын Казакстандын жергиликтүү маалымат каражаттары жазды. Маалыматтарга караганда, ага жана үч шеригине "мыйзамсыз ишкерлик кылууга" байланыштуу айып тагылды.  Малыматка ылайык, Урмат Үсөнов менен дагы эки кыргыз жана бир казак жаранына "мыйзамсыз ишкерлик кылуу" жана "трансулуттук топ

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Оштогу айрым жаңы конуштарда эмканалар курулат

Ош шаарындагы Алай-1 жана Алай-2 жаңы конуштарында жаңы поликлиника курулат. Бул тууралуу калаа мэриясы билдирди. Маалыматка ылайык, 4-июнда мэрия менен "Аракет" долбоорунун ортосунда медициналык мекемелерди куруу боюнча келишимге кол коюлду. Демилге жергиликтүү тургундардын сунуштарынын негизинде көтөрүлүп, Швейцария өкмөтү каржылаган «Аракет» долбоорунун чакан гранттар механизми аркылуу ишке ашырылат. Жаңы

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

Ветеринардык кызматтын жетекчиси менен тескөөчүсү кармалды

УКМК Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринардык кызматта коррупциялык схема иштеп келгенин билдирди. Тергөөнүн маалыматына ылайык, айрым кызмат адамдары эт продукциясын импорттоого уруксат берүүчү документтерди жана квоталарды бөлүштүрүүдө ишкерлерден мыйзамсыз акча алып турушкан. Ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө мурда алынган каражаттын бир бөлүгүн кайтарып берүү маалында

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарындагы эки көчө оңдолот

Каракол шаарынын мэри Талантбек Имановдун демилгеси жана көзөмөлү астында союз мезгилинен бери асфальт төшөлбөй келген Манас көчөсүнө капиталдык реконструкция жүргүзүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Узундугу 1 чакырымды түзгөн көчө заманбап талаптарга ылайык, эки тилкелүү болуп курулуп, эки тарабына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуарлар салынат. Мындан тышкары сугат