Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды

Жайытты мыйзамсыз тосуп алган жаранга 32 716 сом айып пул салынды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Ош шаары жана Ош облусу боюнча аймактык башкармалыгы тарабынан Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Тоо айылында жергиликтүү эки жаран жайыт жерин мыйзамсыз тосуп алгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча тиешелүү акт түзүлүп, Ү.С. жана Ш.Н. аттуу жарандарга Укук бузуулар кодексинин 239-беренесинин негизинде айып пул салынды.
Мындан тышкары, Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 21-январындагы №25 токтомуна ылайык, жер кыртышын бузгандыгы үчүн 32 716 сом өлчөмүндө доо коюлду.

Ошондой эле мыйзамсыз тосулуп алынган жайыт жер тилкесин баштапкы абалына келтирүү жана өзүм билемдик менен тосулуп алынган аймакты ачуу боюнча милдеттендирүүчү буйрук берилди.

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызмат мыйзамсыз жер пайдаланууга жол берилбей турганын эскертип, жер мыйзамдарын так сактоого чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда

Арал–Казарман автожолунда кулаган таштарды тазалоо иштери уланууда

Түндүк–Түштүк альтернативдик автожолунун Арал–Казарман участогунун 243–296-чакырым аралыгында тоо бетинен түшкөн таштарды тазалоо иштери активдүү жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Тазалоо иштерин №18 Жол тейлөө ишканасы жүргүзүүдө. Учурда бул тилкеде унаалар үчүн бир тараптуу каттам уюштурулган. Ошондой эле аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Ош–Сары-Таш–

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкекте карызкордон 15,8 млн сом алимент өндүрүлдү

Бишкек шаарынын Свердлов районунун сот аткаруучулар бөлүмү алимент өндүрүү боюнча соттун токтомун ишке ашырды. И.А.Б. аттуу карызкорго каршы жүргүзүлгөн аткаруу иши алкагында сот аткаруучулар анын айлыгынан алимент өндүрүүнү камсыз кылышты. Күчөтүлгөн чаралардын натыйжасында 2022-жылдын 16-августунан тарта бүгүнкү күнгө чейин алимент толук көлөмдө өндүрүлдү. Өндүрүлгөн алименттин жалпы суммасы 15

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Манас шаарында 700 миң сом алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга соттолду

Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматы маалымдагандай, Жалал-Абад облустук сотунун чечиминин негизинде алимент төлөбөй жүргөн Т.Ш.А. аттуу жаран эки жылга эркиндигинен ажыратылып, сот залынан камакка алынды. Сот аткаруучулар кызматына Жалал-Абад (Манас) шаардык сотунун чечиминин негизинде карызкор Т.Ш.А.дан 2018-жылдын 18-апрелинен тартып кирешесинин тең жарымын алимент катары

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

Лондондогу ICE биржасында мунай баасы 5%дан ашык өстү

2026-жылдын май айына жеткирилүүчү Brent crude фьючерстери 5%дан ашык өстү. Ал эми 2026-жылдын апрель айына жеткирилүүчү WTI crude фьючерстери NYMEX биржасында 8%дан ашык көтөрүлгөнүн соода маалыматтары көрсөтүүдө. Бишкек убактысы боюнча түн ортосуна карата Brent нефтинин баасы 5,26%га өсүп, баррели 85,68 долларга жеткен. Ал эми WTI