Ж.Токторбаев: Шаардын жалпы карызы 2 млрд 300 млн сом
Ош шаарынын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев "Азаттыкка" берген маегинде ал иштеп турганда мэриянын карызы 12 млрд сомго жеткени тууралуу маалыматтарды четке какты.
Анын айтымында, ал Ошко мэр болуп дайындалганга чейин Мамыров, Амир-Тимур, Көкүм бий көчөлөрүн оӊдоого 586 млн сом бөлүнгөн. Ал кызматка киришкенден кийин 2 млрд 200 млн сом бөлүнгөнүн, ага бир катар көчөлөр оӊдолуп, Ошто баш-аягы 100 чакырымга жакын жолго асфальт төшөлгөнүн айтты. Жеңишбек Токторбаев анын ичинен 70 км жолго асфальт төшөө жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланганын кошумчалады.
“Мэрияны карызга батырып кетиптир” деген доомат калп. Муниципалдык капиталдык курулуштан подрядчы компанияларга 750 млн сом, Шаардык жол куруу ишканасында 1 млрд 500 млн сомдун тегерегинде карыз бар. Жалпы шаарда аткарылган иштер боюнча подрядчы ишканаларга 2 млрд 300 млн сомдун тегерегинде карыз бар”, - деди ал.
Эске салсак, Жеңишбек Токторбаев 18-февралда кызматтан алынган. Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “ал кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Бул боюнча мэрия, расмий адамдар комментарий бере элек.