Касымалиев Ысык-Көлдөгү 150 млн долларлык медкластердин долбоору менен таанышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар медициналык мекемелерди көрүп чыкты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ал Каракол шаарындагы 1968-жылы курулган, 550 орунга ылайыкталган облустук бириккен ооруканага барып, реанимация жана хирургия бөлүмдөрүнүн иши менен таанышты.
Ошондой эле МинКаб башчысы Караколдо курулуп жаткан 350 орундуу жаңы оорукананын курулушунун жүрүшүн көрдү. Курулуш 2024-жылы башталган, аны 2027-жылы бүтүрүү пландалууда. Касымалиев курулуш иштерин сапаттуу жана өз мөөнөтүндө бүтүрүүнү тапшырды. Мындан тышкары жаш дарыгерлерди турак жай менен камсыз кылуу маселесин иштеп чыгуу да тапшырылды.
Сапардын жүрүшүндө Каракол шаарында 150 миллион долларлык эл аралык медициналык кластер куруу долбоору да тааныштырылды. 510 орунга ылайыкталган бул борбор жогорку технологиялуу медицина жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө багытталып, 750гө жакын жаңы жумуш ордун түзөрү айтылды.
Мындан тышкары ал Өзгөчө кооптуу жана карантиндик инфекцияларды көзөмөлдөө борборунун чумага каршы бөлүмүн жана Ысык-Көл облустук соттук-медициналык экспертиза бюросун көрүп чыкты. Эки мекеменин имараттары эски жана талаптарга жооп бербегени белгиленип, жаңы имарат куруу жана материалдык-техникалык базаны жаңылоо боюнча тиешелүү органдарга тапшырмалар берилди.





