Бишкекте 90 миң долларды алдап алууга шектелген адвокат кармалды

Бишкекте 90 миң долларды алдап алууга шектелген адвокат кармалды

Ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча адвокат кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга К.Э. аттуу жаран кайрылып, чала тааныш аялдар анын ишенимине кирип, ири суммадагы акчасын алдап алышканын билдирген.

Тергөөнүн алдын ала маалыматы боюнча, өздөрүн Р.А. жана К. деп тааныштырган аялдар Бишкек шаарынан базар баасынан арзан батир жана унаа алып берүүнү убада кылышып, жабырлануучудан жалпы 90 миң АКШ долларын алышкан.

Ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүүлөрдүн бири — Чүй облусунун 1984-жылы туулган тургуну Р.А. кармалган. Ал 2008-жылдан бери адвокаттык ишмердүүлүк менен алектенип, Чүй облустук адвокатурасынын мүчөсү экени аныкталган.

Ошондой эле анын ушундай эле ыкма менен башка жарандарды да алдап жүргөнү белгилүү болгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык”) боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

ИИМ бул адамдардын аракетинен жабыр тарткандар же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды +996 503 552 200 номери аркылуу байланышууга чакырат.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

Таласта 200 млн сомдук төө буурчакты кайра иштетүүчү завод ачылды

КРнын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишкананын ачылышына жана онлайн форматта бир убакта өлкө боюнча 60 өнөр жай объектисин ишке киргизүү аземине катышты. Таластын Бакай-Ата районунда төө буурчакты кайра иштетүүчү ишканасынын долбооруна 200 млн сом инвестиция салынган.

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплекси ачылды

Президент Садыр Жапаров бүгүн Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылыш аземине катышты. Мемориалдык комплекс дүйнөлүк адабияттын классиги, кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгы менен тааныштыруу, анын руханий мурасын сактоо жана кийинки муундарга жеткирүү максатында түзүлгөн. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Садыр Жапаров “Айтматов

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Муниципалдык жер тилкелерге болгон укуктарды ижарачылардан сатып албоо сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясым- жарандарга муниципалдык мүлккө, анын ичинде муниципалдык жер тилкелерин ижарага алуу укугуна байланыштуу укуктарды ижарачылардан сатып алууга болбой турганын, эскертти. Мэриянын билдирүүсүнө караганда, мындай сатып алуу жер тилкесин мындан ары пайдаланууга же ижара келишимин узартууга кепилдик бербейт. Келишим бузулган же узартылбаган учурда, ошондой эле жер тилкесинде жайгашкан объектилер

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

Бишкектин айрым жерлеринде 16-сентябрда сууну пландуу өчүрүү болот

“Бишкексууканал” муниципалдык ишканасы 16-сентябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында, саламаттык сактоо объектилеринде, ошондой эле башка социалдык жана өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотула турганыдыгын маалымдады. Билдирүүгө караганда, суу берүүнү токтотуу - Достоевский, Анкара, Ауэзов көчөлөрү жана темир жол менен