"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишанов жана Назгүл Айдарова сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.
Алардын айтымында, парламенттин мурдагы депутаты, учурда "Кыргызнефтьгаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана "Регион Ойл" компаниясынын директору Назгүл Айдарова коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында сурактан өткөндөн кийин кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Эске салсак, буга чейин ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") боюнча "Кыргызнефтьгаз" ААКсындагы мүмкүн болгон мыйзам бузуулар фактысы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирген.
Мекеменин маалыматы боюнча, териштирүүнүн башталышына Мамлекеттик салык кызматынын "Өзүбүздүкүлөр үчүн нефть: “Кыргызнефтьгазды” кантип кыйратышты" аттуу иликтөөсүнүн видеоматериалдары ЖМКларда жарыяланганы себеп болгон. Анда ишкананын кызмат адамдары тарабынан мүмкүн болгон мыйзамсыз аракеттер тууралуу айтылган.