Дүйнөлүк авиабилеттер баасы жогорулап, айрым каттамдар кыскарып жатат

Дүйнөлүк авиабилеттер баасы жогорулап, айрым каттамдар кыскарып жатат

Дүйнөлүк авиакомпаниялар бааларды көтөрүп, каттамдарды кыскартып жатканын Reuters агенттигине таянып, Kazinform кабарлады.

Анда белгиленгендей, АКШ жана Иран жаңжалынан улам авиаотундун баасы кескин өсүп жатат. Буга байланыштуу билеттер кымбаттап, маршруттар кыскартылып, учуу графиктери өзгөртүлүүдө. Авиакомпаниялар билет бааларын жогорулатуу жана каттамдарды оптималдаштыруу зарылдыгын белгилешүүдө.

Ири авиакомпаниялар, анын ичинде Delta Air Lines жана American Airlines, март айында кошумча чыгымдар болжол менен 400 млн долларга жетиши мүмкүн экенин билдиришти. Европалык авиаташуучулар да айрым багыттарды кыскартууга аргасыз болуп жатышат. Маселен, скандинавиялык SAS авиакомпаниясы отундун кескин жана күтүүсүз кымбаттаганынан улам каттамдардын бир бөлүгү токтотулганын жарыялады.

Ошондой эле Жакынкы Чыгыштагы аба мейкиндигинин көп бөлүгү жабылып, каттамдар массалык түрдө жокко чыгарылууда. Бул абал каттамдардын кечигиши жана маршруттардын өзгөрүшү менен коштолду.

Маалым болгондой, Европада авиаотундун баасы эки эсе, ал эми Азияда дээрлик 80%га өстү. Отун авиакомпаниялардын чыгымдарынын тизмесинде эмгек акыдан кийинки экинчи орунду ээлейт.

Мындан улам айрым мамлекеттер авиакаттамдардын азайышы тууралуу эскертүүлөрдү берип жатышат. Мисалы, Вьетнам бийлиги Кытай менен Тайланддан отун экспорту токтотулгандан кийин, апрелден тарта каттамдар кыскарышы мүмкүн экенин билдирди. Бириккен Араб Эмираттарында аба мейкиндиги убактылуу жабылып, Дубай аэропортунун иши солгундады.
Германиянын Франкфурт аэропортунда жаңжал башталган алгачкы эки аптада каттамдар токтоп, болжол менен 86 миң жүргүнчү зыян тартты. Борбордук аэропорт менен Жакынкы Чыгыштын ортосундагы учуулардын саны адаттагыдан үч эсе кыскарды.

Эксперттер азыркы абалды COVID-19 пандемиясынан кийинки авиация тармагындагы эң оор мезгил деп баалашууда.

Мындан тышкары окуңуз

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жаранга доо коюлду

Жазы дарыясында мыйзамсыз балык уулоого каршы өткөрүлгөн кезектеги рейдде балык уулоо эрежелерин бузган үч жаран аныкталды. Алардын биринде мыйзамсыз кармалган 16 кара балык болгон. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы маалымдагандай, жаратылышка келген зыяндын ордун толтуруу үчүн жаранга 8 080 сом өлчөмүндө доо коюлду. Эсептөөгө ылайык,

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттары сатыкка коюлат

Бишкек шаарынын мэриясы муниципалдык менчикте турган транспорт каражаттарын сатуу боюнча ачык аукцион өткөрөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, аукционго жалпы 106 лот коюлат. Ачык аукцион 24-сентябрда саат 10:00дө Бишкек шаары, Чүй проспекти, 168 дарегинде өткөрүлөт. Аукционго катышуу үчүн арызды Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына берүү

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Нурдан Орунтаевге сөгүш жарыяланды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевге тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев министрге жүктөлгөн эмгектик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн сөгүш жарыялаган. Чечим “Министрлер Кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын жана Эмгек кодексинин тиешелүү беренелеринин негизинде кабыл

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

Өлкө боюнча 26–28-августта акысыз юридикалык жардам көрсөтүлөт

26–28-август күндөрү Кыргызстандын бардык аймактарында жарандарга акысыз укуктук жардам көрсөтүлөт. Бул тууралуу Юридикалык жардам кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө жана Юстиция министрлигинин 100 жылдыгына карата уюштурулууда. Юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Бишкекте жана өлкөнүн бардык облустарында атайын жайлар уюштурулат. Алардын арасында калкты тейлөө борборлору, айыл