Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда 30 гектар жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулуп жатат

Токтогул районунда ирригацияны өнүктүрүү жана айыл чарбасына заманбап технологияларды киргизүү багытында маанилүү долбоор ишке ашырылды.

Райондук суу чарба башкармалыгынын каржылоосу менен 30 гектар кайракы жерге тамчылатып сугаруу системасы орнотулду.

Жакынкы күндөрү аталган аянтка интенсивдүү бакча түзүү иштери башталат. Долбоордун алкагында 15 гектар жерге алма, ал эми дагы 15 гектарга Кокон гиласынын көчөттөрү отургузулат. Белгилей кетсек, бакчалар бир сорттон болуп, агротехникалык талаптарды так сактоого жана түшүмдүүлүктү жогорулатууга багытталган.

Долбоордун өзгөчөлүгү — анын көрсөтмөлүү жана эксперименталдык мүнөзгө ээ экендигинде. Бул демилге дыйкандар үчүн үлгү болуп, заманбап технологияларды жайылтууга өбөлгө түзөт.

Аталган аймак Бишкек–Ош унаа жолу боюнда жайгашкандыктан, долбоор кеңири коомчулукка жеткиликтүү болуп, айыл чарбадагы инновацияларды жайылтууда маанилүү ролду ойнойт.

Долбоорду ишке ашырууда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан тиешелүү колдоо көрсөтүлүп жатат.
Бул демилге тамчылатып сугаруу системасын жайылтуу аркылуу сууну үнөмдүү пайдаланууга, жердин түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана айыл чарба өндүрүшүн туруктуу өнүктүрүүгө багытталган.

Мындан тышкары окуңуз

Улуттук банк Бишкектеги 5 акча алмашуу бюросуна жана 1 жаранга айып пул салды

Улуттук банк Бишкектеги 5 акча алмашуу бюросуна жана 1 жаранга айып пул салды

КРнын мыйзамдарынын жана КРнын Улуттук банкынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Бишкек шаарындагы беш алмашуу бюросу жоопко тартылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, алардын ар бирине 55 000 сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле, Бишкек шаарында лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен акча алмашуу операцияларын жүргүзүп

Кыргызстан менен Беларусь  айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну макулдашышты

Кыргызстан менен Беларусь айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таанууну макулдашышты

МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасы менен Беларусь Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы улуттук айдоочулук күбөлүктөрдү өз ара таануу жана алмашуу жөнүндө макулдашуунун тиркелген долбоорун жактырды. Министрлер кабинетинин 2026-жылдын 27-февралындагы №118-т тескемесинде айтылгандай, Президенттин иш башкармалыгына караштуу Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борбордун директору аталган макулдашууну Министрлер кабинетинин атынан

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Пакистан, Бангладеш жарандарына жасалма №86 формасын жасап бергендер кармалды

Бишкекте мыйзамсыз миграция каналы аныкталып, уюштуруучулар колго түшүрүлгөнүн УКМКдан билдиришти. Атайын кызматтан билдиришкендей, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Пакистандын жараны А.М. жана ага көмөктөшкөн Улуттук госпиталдын кызматкери И.Т.В. кармалды. Кылмышка шектүүлөр чет өлкөлүк жарандарга (Пакистан, Бангладеш) медициналык кароодон өткөрбөстөн, виза мөөнөтүн узартуу үчүн колдонулуучу №086 формасындагы жасалма маалымкаттарды сатып

"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

"Кыргызнефтьгаз" иши боюнча экс-депутат Н.Нишанов, Н. Айдарова убактылуу кармоочу жайга киргизилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Нишанов жана Назгүл Айдарова сурактан кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти. Алардын айтымында, парламенттин мурдагы депутаты, учурда "Кыргызнефтьгаз" ААКсынын башкармалыгынын төрагасы Нургазы Нишанов жана "Регион Ойл" компаниясынын директору Назгүл Айдарова коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин