Интернет кымбаттайбы? Бишкекте тарифти 50% көтөрүү сунушталды
Кечээ Бишкек шаарында байланыш операторлору жана шаардык кызматтардын катышуусунда жумушчу кеңешме өттү. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.
Жыйында "Бишкекжарык" жана "Бишкек троллейбус башкармалыгы" ишканаларынын була-оптикалык линияларды жайгаштыруу үчүн таянычтарды ижарага берүү тарифтерин 50% жогорулатуу планы каралды.
Байланыш операторлор ассоциациясы тарифти жогорулатуу боюнча эсептөө методикасы жок экенин жана экономикалык негиздер жетишсиз экенин белгиледи. Алардын айтымында, баанын кескин өсүшү операторлордун чыгымын көбөйтүп, натыйжада керектөөчүлөр үчүн кызматтардын кымбатташына алып келиши мүмкүн.
Кеңешменин жыйынтыгында Бишкек мэриясына 2026-жылдын 1-апрелине чейин төмөнкү сунуштарды карап чыгуу сунушталды:
- таянычтарды ижарага берүү үчүн негизделген тарифтерди бекитүү;
- тариф түзүүнүн так механизмин иштеп чыгуу;
- тарифтердин ачыктыгын камсыз кылуу;
- инфляцияны эске алуу менен тарифтерди этап-этабы менен жогорулатуу;
- бардык байланыш операторлору үчүн бирдей шарттарды түзүү.