Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Токтогул жол тейлөө ишканасында мыйзам бузуу аныкталды

Жерди жана сууну көзөмөлдөө боюнча кызматтын Жалал-Абад облусу боюнча аймактык башкармалыгы Токтогул жол тейлөө ишканасында текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Анын жыйынтыгында мыйзам бузуулар аныкталып, мекемеге доо коюлду.

Маалыматка ылайык, ишкананын асфальт-бетон заводу 20 диаметрдеги суу түтүгү аркылуу жер үстүндөгү сууну пайдаланганы аныкталган. Бул факт боюнча №222 токтомдун негизинде 58 миң 320 сом өлчөмүндө доо эсептелди.

Ошондой эле мекеме сууну пайдаланып келгенине карабастан, тиешелүү төлөмдөрдү өз убагында төлөбөгөнү белгилүү болду.

Мындан тышкары окуңуз

Таласта 6 футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Таласта 6 футбол аянтчасы пайдаланууга берилди

Бүгүн Талас шаарында алты кичи футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, спорттук жайлар президенттин резервдик фондунун колдоосу менен курулган. Жаңы футбол аянтчалары Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Талас институтунда, Р.Я. Рысакова атындагы №2 орто мектепте, К. Дарданов атындагы №3 орто мектепте, №5 орто

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга жумушчу сапары менен келди. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. Министрлер Кабинетинин Төрагасы  Адылбек Касымалиев Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Ариповду “Ысык-Көл” эл аралык аба майданынан тосуп алды. Белгилей кетсек, 23-июнда Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла

Уларбек Исмаилов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды

Уларбек Исмаилов Манас шаарынын мэри болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Уларбек Исмаилов Жалал-Абад облусунун Манас шаарынын мэри болуп дайындалды.  Буга чейин Манас шаарынын мэри кызматынан Абдупата Маткаликов бошотулган.  Уларбек Исмаилов Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары болгон. Ошондой эле ички иштер органдарында тергөөчү болуп иштеген. Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өлкөнүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 22-июндан 25-июнга чейин абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн бир катар аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталат. Ошондой эле бул күндөрү дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн экени