Пентагон АКШ Конгрессинен Иран менен болгон согушту каржылоого 200 млрд доллар сурады
Пентагон Ак үй аркылуу АКШ Конгрессине Иран менен болгон согушту каржылоо үчүн 200 млрд доллардан ашык каражат сураган кайрылуу жөнөткөнүн The Washington Post жазды.
Басылманын булактарынын маалыматына караганда, бул сумма буга чейин аскердик кампанияга сарпталган каражаттан кыйла жогору. Каражат негизинен Иранга каршы соккулар учурунда колдонулуп кеткен негизги курал-жарактарды тез арада көбөйтүү үчүн багытталмакчы.
Ак үйдүн айрым өкүлдөрү Пентагондун бул өтүнүчү кабыл алынышы күмөн экенин айтышууда. Булакка ылайык, Конгресстеги көптөгөн демократтар бул демилгеге каршы чыгышы мүмкүн. Ошондой эле акыркы эки жума ичинде Пентагон каржылоо боюнча бир нече ар кандай сунуштарды киргизгени белгиленет. Акырында кандай сумма суралары азырынча белгисиз.
Айрым маалыматтар боюнча, Ирандагы согушка кеткен чыгымдар биринчи жумада эле 11 млрд доллардан ашкан. Financial Times жазгандай, Дональд Трамп администрациясы согуш башталгандан бери көп жылдарга эсептелген маанилүү ок-дарылардын запасын, анын ичинде алыс аралыкка учуучу "Томагавк" ракеталарын, активдүү колдонуп койгон.