Камчыбек Ташиев өзүн каралаган маалыматтар тарап жатканын айтып, элден кечирим сурады
УКМКнын мурдагы жетекчиси Камчыбек Ташиев Айт намаздан кийин элден кечирим сурап, өзү тууралуу жалган жана негизсиз маалыматтар тарап жатканын айтты.
"Алла Тааланын ыраазычылыгы үчүн бүгүнкү Айт намазынын урматына кимдир бирөөнү капа кылсам же кимдир бирөөгө туура эмес мамиле кылган болсом ар бир мусулман калкынан кечирим сурайм. Орозо маалында ар түрдүү жалган жалааны, ушак сөздөрдү таратып, болбогон нерселерди айткан жана ошолорду тараткан адамдарды дагы Айт намаздын ыраазычылыгы үчүн кечирдим", - деди Ташиев.
УКМКнын мурдагы төрагасы кимдер аны каралап, жалаа жаап жатканын ачык айткан жок.
Айрым медиалар Ташиев Бишкектеги Жал кичи районундагы мечитте окулган Айт намазга барганын жазышты. Интернетте тараган видеолордон анын жанында Оштун мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаев жүргөнүн көрүүгө болот.