Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт

Нарындагы ипотекалык үйлөр жакында курулуп бүтөт

Нарын облусунда салынып жаткан ипотекалык үйлөрдүн курулушу жакында аяктарын Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Өлкө башчысынын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталууда.

“2022-жылдан тарта Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна түшө баштады. “Теңир Тоо” өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар. Ипотекалык үйлөрдүн басымдуу бөлүгү албетте, өлкө бюджетинин каржылоосу менен ишке ашууда”,-деди мамлекет башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Нарын облусуна 5 жылда 6,8 млрд сомдук инвестиция тартылды

Нарын облусуна 5 жылда 6,8 млрд сомдук инвестиция тартылды

Акыркы 5 жылда Нарын облусуна 6 млрд 800 млн сомдук чет элдик инвестиция тартылганын президент Садыр Жапаров Нарын шаарында эл менен жолгуп жатып билдирди. Өлкө башчысынын айтымында, Теңир-Тоо — энергетикалык дарамети жогору аймак. "Нарын дарыясынын зор потенциалы облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечегин кеңейтет. Учурда кубаттуулугу 100 МВттык Куланак ГЭСи курулууда.

Нарын 2025-жылы 157 952 турист келип, туризмден түшкөн киреше 147 сом болгон

Нарын 2025-жылы 157 952 турист келип, туризмден түшкөн киреше 147 сом болгон

2021-2025-жылдар аралыгында Нарын облусунда туристтердин агымынын туруктуу өсүшү, кирешенин көбөйүшү жана инфраструктуранын өнүгүшү байкалууда. Нарындагы Нооруз майрамында белгиленгендей, 2025-жылы аймак рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Облус аймагына 157 миң 952 турист келсе, анын ичинен 43 миң 202си чет элдиктер. Туризм тармагынан түшкөн киреше 147 млн сомдон ашты. Негизги багыттар экотуризм жана ички

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Нарында 3306 гектар сугат жери өздөштүрүлөт – С.Жапаров

Соңку беш жылда Нарында ирригация тармагында 3 млрд сомго жакын иштер аткарылганын президент Садыр Жапаров бүгүн Нарын шаарында өтүп жаткан Нооруз майрамына арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди. Өлкө башчысы белгилегендей, Нарын тоолуу өрөөн, кокту сайын суу түшкөн аймак болгону менен, облуста сугат суу менен камсыздоодо дагы көйгөйлөр болуп келген. Мындан улам

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинен 0,6 пайызы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшүп жатканын Нарында өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди. Президенттин айтымында, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6%ы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады. “Бүгүнкү күнгө чейин