Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров

Кумтөрдүн дүң кирешесинен 0,6 пайызы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшүп жатканын Нарында өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.

Президенттин айтымында, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6%ы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады.

“Бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталды”, — деди өлкө башчысы.

Президент атаган долбоорлордун катарында – ипотекалык турак жайлар, Нарын аэропорту, автобекети бар.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 4 айда инвестициялардын өсүшү 25,5%га жогорулады

Кыргызстанда 4 айда инвестициялардын өсүшү 25,5%га жогорулады

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча өлкөдө негизги капиталга инвестициялардын туруктуу өсүшү катталды. Үстүбүздөгү жылдын январь–март айларында инвестициялардын жалпы көлөмү 77 млрд 319 млн сомду түзүп, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 25,5%га жогору. Ички инвестициялар 1,2 эсеге көбөйсө, тышкы капиталдын

Бишкекте шаарды жашылдандыруу боюнча конкурстар жарыяланды

Бишкекте шаарды жашылдандыруу боюнча конкурстар жарыяланды

Бишкекте "Жашыл шаар" жана "Бишкек шаарынын мэриясынын жашыл фондду көбөйтүү боюнча мыкты муниципалдык аймактык башкармалыгы" аттуу конкурстар жарыяланды. Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, конкурстар 15-апрелден 15-августка чейин өтөт. Конкурстардын максаты — тургундардын жана ишкерлердин коомдук демилгелерин колдоо, муниципалдык аймактык башкармалыктардын кызматкерлеринин ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу, ошондой эле борбор калаанын

Токтогул суу сактагычында мыйзасыз балык кармагандар аныкталды

Токтогул суу сактагычында мыйзасыз балык кармагандар аныкталды

18-апрелде Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын ыкчам тобу жана Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын инспекторлору Токтогул суу сактагычы аймагында күтүүсүз рейд жүргүзүштү. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти. Маалымтка ылайык, рейд учурунда айрым жарандар балык уулоочу торлорду сууга коюп жаткан учурда кармалды.

Мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатабыз?

Мал чарбачылыгындагы өндүрүмдүүлүктү кантип жогорулатабыз?

Кыргыз мал чарба жана жайыт илим-изилдөө институтунда мал чарбасындагы кайра өндүрүү биотехнологияларын өнүктүрүүгө арналган тегерек стол өттү. Иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасында мал чарба тармагында колдонулуп жаткан заманбап ыкмалар, анын ичинде жасалма уруктандыруу жана эмбриондорду трансплантациялоо технологиялары талкууланды. Катышуучулар тармакты мындан ары өнүктүрүү, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу жана эл аралык тажрыйбаны кеңири колдонуу