Бишкек ШКУнун кезенктеги жыйынын жаңы жүз менен тосот – А.Касымалиев
Бишкек алдыда Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги жыйынын жаңы инфраструктура менен тосорун МинКаб төрагасы Адылбек Касымалиев “Мир” телеканалына берген маегинде билдирди.
Төраганын айтымында, Кыргызстан алдыда ШКУ саммити, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сыяктуу масштабдуу иш-чараларды өткөрөт. Буга карата аэропорттон келүүчү атайын жол, конгресс-холл жана 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулушу жүрүүдө.
“Азыркы учурда аэропорттон конокторду тосуп алганда жол кыймылын токтотууга туура келүүдө. Алдыда тоскоолдуксуз жетүү үчүн атайын жол курулууда.
Ал эми “Бишкек арена” стадиону Борбор Азиядагы эң чоң стадион болот. Ошол жерде ШКУнун жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышы өтөт”,-деди өкмөт башчысы.
Ошондой эле минкаб төрагасы белгилегендей, жаңы өкмөт үйү, Башкы прокуратура жана Салык кызматына имараттар салынып, административдик мекемелер шаардын сырткы тарабында болот.