Кыргызстан менен Индия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Индия энергетика тармагындагы кызматташууну талкуулады

Bharat Electricity Summit 2026 алкагында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен Индиянын энергетика министри Манохар Лал мырза менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар кыргыз-индия мамилелеринин достук мүнөзүн белгилеп, энергетика тармагындагы кызматташууну тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Министрлер эки өлкөнүн энергетика секторунун өнүгүшү боюнча пикир алышып, кайра жаралуучу энергия булактары, гидроэнергетика, көмүр өнөр жайы, энергетикалык инфраструктураны жаңылоо жана кадрлардын квалификациясын жогорулатуу багыттарында кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Кыргыз тарап Индиянын ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашыруудагы тажрыйбасын үйрөнүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Ошондой эле CASA-1000 долбоорунун жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулуп, индиялык компаниялардын салымы белгиленди жана аны өз убагында бүтүрүүнүн мааниси айтылды.

Мындан тышкары, Индиянын алдыңкы энергетикалык компаниялары — NTPC Limited жана NHPC Limited менен кызматташууну кеңейтүү мүмкүнчүлүгү каралды.

Жолугушуу конструктивдүү жана достук маанайда өтүп, тараптар өнөктөштүктү мындан ары да өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти. Ошондой эле кыргыз тарап Индия делегациясын Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика министрлеринин жыйынына чакырды. Аталган иш-чара 2026-жылдын июнь айында Кыргызстанда өтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Садыр Жапаров мектептердеги китеп маселесин чечүүгө Жарлыкка кол койду

Кыргызстанда көп жылдан бери чечилбей келген окуу китептеринин жетишсиздиги жана сапаты боюнча чечкиндүү кадам жасалды. Президент Садыр Жапаров "Жалпы билим берүү уюмдарын окуу китептери менен камсыздоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Документке ылайык, бул максатка мамлекеттик бюджеттен 8 миллиард 500 миллион сом каралат. Бул соңку жылдардагы

Ишкер Media
Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүйдө 10 миңден ашуун абонент жарыктан ажыратылат

Чүй электр тармактары ишканасы абоненттерди электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү өз убагында төлөөнү эскертти. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, 28, 29 жана 30-сентябрда АИСКУЭ эсептегичтери Чүй облусунда карызы бар 10 миңден ашуун абонентти аралыктан өчүрөт. Балансты ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" бөлүмүнөн же "Мой свет» тиркемеси

Ишкер Media
Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

Нью-Йоркто Кыргызстан менен Гаити ортосунда тарыхый документке кол коюлду

25-сентябрда Нью-Йоркто БУУнун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясынын алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Гаитинин Тышкы иштер министри Райна Форбен жолукту. Бул тууралуу министрликтен билдиришти. Маалымдалгандай, жолугушууда эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелерди түзүү жөнүндө Биргелешкен коммюникеге кол коюлду. Министр Кулубаев Кыргызстан Латын Америкасы жана Кариб бассейни өлкөлөрү,

Ишкер Media
Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

Көңүл буруңуздар! Бишкектин айрым жерлеринде 1-октябрда суу токтотулат

1-октябрда саат 09:00дөн 19:00гө чейин Бишкек шаарынын Калыс-Ордо конушунда ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, "Калыс-Ордо-1" жана "Калыс-Ордо-2" суу топтомосунда жана шаардык тармактарда оңдоо иштери жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу турак үйлөргө, мектептерге,

Ишкер Media