Нурлан Мотуевге жалаа жана мазактоо иши боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Нурлан Мотуевге жалаа жана мазактоо иши боюнча 20 миң сом айып пул салынды

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту 2026-жылдын февраль айында Нурлан Мотуевди 20 миң сом айып пул төлөөгө өкүм кылганын соттун өзүнөн билдиришти.

Мотуев Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 107-беренеси ("Массалык маалымат каражаттарында же интернеттеги сайттарда жарыяланган жалаа жана мазактоо") боюнча айыпталган. Ал Мирбек Мияров жоопкер, ал эми Хабиби Уланова доогер болгон иш боюнча маалыматтарды тараткандыгы үчүн айып пул алган. Ушул эле учурда Уланова сотко кайрылып, Мотуевдин жоопкерчилигин кароону талап кылган.

Айып пулга жыгылгандар райондук соттун чечимин Бишкек шаардык сотуна даттанышкан, бирок 19-мартта Ленин райондук сотунун чечими күчүндө калтырылган.

Буга чейин Мотуев социалдык тармактарда ар кандай билдирүүлөрдү жасап келген. 2025-жылдын июль айында милиция кызматкерлери аны Свердлов РИИБге анын видеосуна байланыштуу түшүндүрмө алуу үчүн алып барышкан. Бирок Мотуев агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, милиция кызматкерлерине карата орой сөздөрдү колдонгон. Натыйжада соттун чечими менен ал майда бейбаштык үчүн 5 суткага камакка алынган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Бишкекте 25-мартта жылытуу сезону аяктап, 1-апрелден тарта ысык суу өчүрүлөт

Бүгүн Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нургазы Курманбековдун төрагалыгы алдында жылытуу мезгилин аяктоо боюнча штабдык жыйын өттү. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жыйындын жыйынтыгында борбор калаада жылытуу сезонун 2026-жылдын 25-мартында аяктоо чечими кабыл алынды. Жылытуу сезону аяктагандан кийин муниципалдык кызматтар кийинки мезгилге даярдык көрүп, тиешелүү оңдоо иштерин жүргүзө баштайт. Ошондой эле

Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди

Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө батир белекке берилди

Ош шаарында төрт эм төрөлгөн үй-бүлөгө Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычы тапшырылды. Маалыматка ылайык, турак жай балдардын төрөлүшүнө байланыштуу жана үй-бүлөлөрдү колдоо алкагында белек катары берилген. Белгиленгендей, батир Ош шаарында жайгашып, жашоого толук даяр. Бийлик өкүлдөрү мындай чаралар жарандарды колдоого жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталганын белгилешти.

Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды

Жашыруун казино ачкан айылдык кеңештин депутаты кармалды

Араван районунда жашыруун оюн жайы аныкталды. Аны айылдык кеңештин депутаты уюштурганы белгилүү болгонун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Атайын кызматтын маалыматына ылайык, мыйзамсыз ишмердүүлүктү Дөбө-Коргон айылдык кеңешинин депутаты Х.Ш. жана анын ишенимдүү адамы С.Ш. уюштурган. Алар Жар-Кыштак айылында лицензиясыз жана салык төлөбөстөн оюн жай ачышкан. Текшерүү учурунда 11

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

МинКаб 2024-жылдын 23-апрелиндеги №191 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлиги алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө механизмин жөнгө салат. Документке Адылбек Касымалиев кол койгон. Белгиленгендей, эми бажы жана салык кызматтары түздөн-түз Министрлер кабинетине баш ийет (мурда Финансы министрлигине карачу). Ошондой эле транзит жана экспорт учурунда