ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

ЕАЭБде жүк ташуулар үчүн навигациялык пломбаларды орнотуу жайлары аныкталды

МинКаб 2024-жылдын 23-апрелиндеги №191 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул документ Евразия экономикалык бирлиги алкагында электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүк ташууларды көзөмөлдөө механизмин жөнгө салат. Документке Адылбек Касымалиев кол койгон.

Белгиленгендей, эми бажы жана салык кызматтары түздөн-түз Министрлер кабинетине баш ийет (мурда Финансы министрлигине карачу). Ошондой эле транзит жана экспорт учурунда навигациялык пломбаларды орнотуу жана алуу үчүн бажы көзөмөлүнүн так жайлары аныкталды.

Автотранспорт үчүн пломбалар төмөнкү товарларды эсепке алуу пункттарында орнотулат:

  • Чалдыбар — автожол пункту
  • Ак-Жол — автожол пункту
  • Ак-Тилек — автожол пункту
  • Чоң-Капка — автожол пункту
  • Каркыра — автожол пункту

Темир жол аркылуу ташууда бул процедура вагондорду жүктөө учурунда төмөнкү тогуз станциянын кошумча жолдорунда жүргүзүлөт:

  • Бишкек-1
  • Аламүдүн
  • Балыкчы
  • Кара-Балта
  • Каинды
  • Беловодское
  • Шопоков
  • Кант
  • Токмок

Документке ылайык, товарларды Кыргызстанга импорттоодо пломбаларды алуу автоташууларда жүктү алуучунун аймагында, ал эми темир жол ташууларында станциялардын түшүрүүчү жолдорунда жүргүзүлүшү керек.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Бишкектеги 14 кабаттуу үйдүн курулушунда мыйзам бузуу аныкталды

Курулуш министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери тарабынан борбор калаадагы курулуш объектилерине туруктуу негизде көзөмөл жүргүзүлүүдө. Ведомствонун маалыматына ылайык, көзөмөл иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Севастопольская көчөсү, 7 дарегинде жайгашкан 14 кабаттуу турак жайдын курулушунда бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, турак жайдын 1-блогунун 7-кабатында

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ошто 35,5 млн сомго "Исанов” көмөк чордону курулат

Ош облусунда “Исанов” көмөк чордону курулуп, ал жогорку чыңалуудагы электр берүү линиялары аркылуу өлкөнүн электр тармагына кошулат. Долбоор Кыргызстандын энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого жана кайра жаралуучу энергия булактарын электр системасына интеграциялоого багытталган. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, “Исанов” көмөк чордону “Кыргыз Республикасында кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү”долбоорунун биринчи фазасынын

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

ШКУ саммитине байланыштуу бир нече көчөлөр жабылат

30-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына ылайык, жол кыймылына төмөнкү жолдордо чектөөлөр киргизилет: “Манас” эл аралык аба майданынан баштап Васильев тракты, Ю. Фучик көчөсү, Чүй, Манас жана Ч. Айтматов проспектилери, Ж. Абдрахманов, Байтик баатыр, А. Масалиев, Жайыл

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жайыт жерлерин унаа менен тепселегендерге карата айып пул салынды

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери менен биргеликте Аламүдүн районуна караштуу Кашка-Суу аймагындагы Ак-Таш жайлоосунда рейддик иш-чара өткөрүштү. Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынынмаалыматына караганда, рейддин жүрүшүндө айрым жарандардын автоунаалары менен жайыт жерлерин тепселеп, өсүмдүктөргө жана жаратылышка зыян келтирген фактылары аныкталды.