Алыскы региондордогу тажрыйбалуу дарыгерлердин маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөт – К.Өскөнбаева
Орточо эсеп менен алганда эң алыскы Чоң-Алай, Нарын, Кара-Кулжа, Алай-Куу райондорунда 15 жылдан кем эмес иштеген тажрыйбалуу дарыгерлерибиздин айлык маянасы 80 миңге чейин көтөрүлөрүн “Кабар”агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди.
Анын айтымында, азыркы учурда бул дарыгерлер 56-60 миңдин ортосунда маяна алышат.
“Анткени, компенсациялык төлөмдөр киргизилип жатат. Белгилүү болгондой, айлык маянадан 10% киреше салыгына, дагы 10% Социалдык фондго кармалат. Бирок, ушул киргизилген компенсациялык төлөмдөрдөн 10% эле киреше салыгы кармалат.
Бул да элибиз үчүн кичине жеңилдик болот. Алыскы райондордо бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагында “Дарыгердин депозити” деген программа иштейт. Учурда ошол программа боюнча 500 дарыгер иштеп жатат. Мисалы, алар айына 22 миң сомдон же квартал сайын 66 миң сомдон алышат”,- деди Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү.