Кыргызстанда 1-апрелден тарта электр кубаттуулугун чектөө алынат

Кыргызстанда 1-апрелден тарта электр кубаттуулугун чектөө алынат

2026-жылдын 1-апрелинен тартып Кыргызстанда чукул убакыттагы кубаттуулук чектөөлөрү толугу менен алынарын Энергетика министрлиги билдирди.

Эске салсак, убактылуу чектөөлөр Токтогул суу сактагычындагы суу деңгээли төмөн болгондугуна жана электр энергиясынын туруктуу камсыз болушун камсыздоо максатында киргизилген.

Чукул убактарда — саат 06:00дөн 09:00гө жана 18:00дөн 22:00гө чейин — кубаттуулук төмөндөтүлчү:

  • бир фазалуу колдонуучулар үчүн 5 киловатттан 3 киловаттка,
  • үч фазалуу колдонуучулар үчүн 8 киловатттан 5 киловаттка.

Министрликтин маалыматына караганда, бул чаралар суу деңгээлинин кескин төмөндөшүнөн сактап, электр системасынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берген.

2025-жылы электр энергиясынын керектөөсү 19 млрд 94,8 млн киловатт-саатты түзгөн — бул мурдагы жылга салыштырмалуу 4,7%га көп. Өсүштүн негизги себеби — турак-жай курулушу, жаңы өндүрүштүк объектилердин ишке кириши жана колдонуучулардын санынын көбөйүшү болгон.
2026-жылдын 1-январына карата жалпы колдонуучулардын саны 1 млн 621 миң 292ге жеткен. Бир жыл ичинде алардын саны 36 миң 287ге өскөн.

Министрлик кошумчалагандай, күз-кыш мезгилине даярдык ийгиликтүү өткөн: жабдуулар модернизацияланган, ири ГЭСтер реконструкцияланган, чакан ГЭСтер жана трансформатордук станциялар курулган. Бул мезгилде электр энергиясын өчүрүү катталган эмес.

Мындан тышкары окуңуз

А.Касымалиев Таласта социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

А.Касымалиев Таласта социалдык объектилердин курулушу менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Алгач МинКаб башчысы Талас шаарында курулуп жаткан “Баластан” балдардын оюн-зоок борборунун курулушун көрүп чыкты. Аталган объект 6,5 гектар аянтка курулуп, Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу

Сабиз арзандап, жумуртка кымбаттады – базардагы акыркы өзгөрүүлөр

Сабиз арзандап, жумуртка кымбаттады – базардагы акыркы өзгөрүүлөр

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 18-мартына карата Кыргызстанда, ошондой эле Россия жана Казакстанда негизги азык-түлүк товарларына баа мониторингин жүргүздү. Мониторингдин жыйынтыгында Кыргызстанда жумуртка (1,1%), сүт (0,7%), уй эти (0,2%), импорттолгон буудай уну жана нан (0,1%) баалары жогорулаганы аныкталды. Ошол эле

Арашан–Чуңкурчак унаа жолу асфальтталат

Арашан–Чуңкурчак унаа жолу асфальтталат

Быйыл апрель айында Арашан–Чуңкурчак унаа жолу оңдолуп, асфальт төшөө иштери башталат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда жолдун 0–22-чакырым аралыгында кеңейтүү жана негизин даярдоо жумуштары толугу менен аяктады. Белгилей кетсек, 2025-жылы бул тилкеде суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, эки көпүрө реконструкцияланган. Долбоор мамлекеттик капиталдык салымдардын

Сот аткаруучулар 1,8 млн сомдук карызды өндүрдү

Сот аткаруучулар 1,8 млн сомдук карызды өндүрдү

Бишкекте мамлекеттик төлөмдүн суммасы 1 млн 780 миң 920 сом өндүрүлгөнү тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирди. Биринчи май райондук бөлүмүндө республикалык бюджетке мамлекеттик төлөмдү өндүрүү боюнча өндүрүш иштери жүрүп жаткан. Күчкө салып аткаруу чараларынын натыйжасында бир мамлекеттик органдан 1 млн 780 миң 920 сомдук карыз толук өндүрүлдү. Мындан мурда 445