Маяна көтөрүлгөндөн кийин дарыгерлер канча айлык акы алышат?
Бүгүнкү күндө ар бир дарыгердин базалык кызматтык айлык акысына кошулуучу коэффициент 2,4тү түзөт. Ошондо базалык кызматтык айлык акысы 16 сом 896 сом. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинин “Элден собол” берүүсүндө Саламаттык сактоо министрлигинин Бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын башчысы Клара Өскөнбаева билдирди.
Анын айтымында, 1-апрелден тарта коэффициенти 3,85ке көтөрүлсө, базалык кызматтык айлык акысы 27 миң 104 сом болот.
“Эгер дарыгер тажрыйбалуу, 15-20 жылдык иш стажы жана квалификациялык категориясы бар болсо, кошумча төлөмдөр каралган. Мисалы, саламаттык сактоо системасында 15 жылдан бери иштесе апрелден тарта 8 миң 130 сом кошулат. Мындан тышкары, биринчи квалификациялык категориясы болгон учурда дагы 4 миң сом кошулат. Эгерде дарыгер бир ставка менен иштесе, президенттик компенсациялык төлөм 15 миң сом кошулганда дарыгер колуна бардык кармап калуулардан кийин болжол менен 44 миң 900 сом алат. Ал эми буга чейин компенсациялык төлөмсүз 18 миң 693 сом алышкан”, - деди ал.