Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Алтын сатып берем деп 4 млн сомду алдап кеткен аял кармалды

Бишкекте 4 млн сомду алып, изин жашырып кеткен аял кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти.

Милицияга С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Д.С. аттуу аялга карата чара көрүп берүүнү өтүнгөн. Арыз ээсинин айтымында, былтыр июнь айында шектүү ишенимге кирип, 4 млн 129 миң сомун алып, андан кийин изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча "Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1970-жылы туулган Д.С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда иш боюнча бардык жагдайларды тактоо, ошондой эле шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Милиция алдамчылыктын курмандыгы болгондорду дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылууга же "102" кыска номери аркылуу кабарлоону өтүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткен облусунда күн электр станциясы курулат

Баткен облусунда күн электр станциясы курулат

Баткенде күн электр станциясы куруларын Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен билдиришти. Бүгүн агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров "CECEP Solar Energy Co., Ltd." компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Тараптар кайра жаралуучу энергия булактары тармагындагы кызматташтыкты жана инвестициялык портфелди кеңейтүүнү талкуулашты. Учурда аталган компания Баткен облусунда "Ак-Татыр" күн электр станциясын куруу

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Барскоон–Бедел унаа жолу: тоннелдерди казуу иштери башталды

Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан Барскоон–Бедел автожолунун курулушу уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда изилдөө иштери толук аяктап, долбоорлоо дээрлик бүткөрүлдү. Тиешелүү мамлекеттик органдар менен макулдашуу иштери жүрүүдө. Ошондой эле подрядчы тарабынан техника жеткирилип, бетон заводу курулуп, жумушчулар мобилизацияланды. Курулуш иштери долбоорлоо менен катар жүргүзүлүүдө. Долбоордо

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкекте 50 гектар жер мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүлөт

Бишкек мэриясы Бишкек шаардык кеңешине Токомбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин мамлекеттик менчикке акысыз өткөрүп берүү тууралуу макулдук алуу боюнча документ жөнөттү. Аталган жер тилкесин Президенттин иш башкармалыгына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттикке өткөрүү каралууда. Документте Бишкек шаардык кеңеши аянты 50,8052 гектар болгон, идентификациялык коду 1-04-12-0032-0375, Бишкек шаары,

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Талас районунда жаңы архитектура башкармалыгынын имараты ачылды

Кечээ Талас облусунун Талас районунда Шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жаңы имараты ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Иш-чарага Курулуш министри Нурдан Орунтаев, Президенттин облустагы өкүлү Эрмат Джумаев, жергиликтүү жетекчилер, архитекторлор жана тургундар катышты. Министр жаңы имарат башкаруунун ишин жакшыртып, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатарын белгиледи. Имарат Көк-Ой айылындагы Манас көчөсү