Тай-Мурас Ташиевге таандык компаниянын 5 жылдык кирешеси 526,8 млн сом болгону көрсөтүлдү
Мамлекеттик салык кызматынын ачык порталындагы маалыматтарга ылайык, 2020–2025-жылдар аралыгында Тай-Мурас Ташиевге таандык "Мока Групп" компаниясынын таза кирешеси 526 миллион 828 миң 869 сомду түзгөн.
Такталгандай, бул бардык чыгымдар, салыктар жана милдеттүү төлөмдөр алынгандан кийинки таза киреше болуп эсептелет.
Буга чейин Тай-Мурас Ташиевдин аты жана ага байланыштуу компаниялар "Кыргызнефтегаз" ААКтын айланасындагы иликтөөлөрдө аталган. Материалдарда мунай продуктулары рыногунда ортомчу түзүмдөрдүн катышуусу менен болушу мүмкүн болгон схемалар тууралуу сөз болгон.
Тай-Мурас Ташиев мындай айыптоолорду четке кагып, күйүүчү май жеткирүүдө мыйзам бузуулар жана монополия тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт деп билдирген.