Жыл башында алдамчылык менен 319 миң сом алган аял кармалды

Жыл башында алдамчылык менен 319 миң сом  алган аял кармалды

 Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалганын Бишкек шаардык милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 5-февралда Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Т. А. аттуу жаран кайрылып, “М.” аттуу аялга карата чара көрүүнү суранган.

Арыз ээсинин айтымында, 12-январда аталган жаран ишенимге кирип, 8 даана тигүү машинаны жеткирип берүү шылтоосу менен алдап 319 миң сом акча каражатын алып, изин жашырып кеткен.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан 38 жаштагы М. Т. аттуу жаран аныкталып, Свердлов РИИБинин Тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө учурунда шектүүнүн дагы 20дан ашык алдамчылык фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталган.

Анын карамагында жашы жете элек баласы болгондуктан, бөгөт коюу чарасы катары электрондук көзөмөл (билерик тагуу) тандалды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкекте эски дарактардын ордуна жаңы көчөттөр отургузулууда

Бишкек шаарында тургундарга жана инфраструктурага кооптуу болгон куураган жана авариялык абалдагы дарактарды санитардык бутоо жана алып салуу иштери жүргүзүлүүдө. Муниципалитеттин маалыматына ылайык, бул аймакта буга чейин жашыл көчөттөр жаңыланып, эски дарактардын ордуна бийиктиги 4 метрге чейин жеткен карагай (ольха) көчөттөрү отургузулган. Мындай иштер экологиялык абалды жакшыртууга, көчөнүн көркүн арттырууга жана

Өзбекстанда келечекте жылына 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын берчү АЭС курулуп баштады

Өзбекстанда келечекте жылына 15,4 млрд кВт/саат электр энергиясын берчү АЭС курулуп баштады

Өзбекстандын Жизак облусунда келечектеги атом электр станциясынын (АЭС) курулуш аянтчасында алгачкы бетон иштери башталды. 24-мартта куруучулар РИТМ-200Н аттуу аз кубаттуу реактордун имаратынын пайдубалын куюуну башташты деп билдирет Podrobno.uz. Учурдагы этапта болжол менен 900 куб метр көлөмүндө бетон даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Адистер реактор имаратынын фундаментине негиз түзүп, анын гидроизоляциясын жана

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяга иштөөдө эмнелер талап кылынат?

Түштүк Кореяда эмгек келишими үч жылга түзүлөт жана аны беш жылга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде Жарандарды чет өлкөгө ишке орноштуруу борборунун Эмгек миграциясы башкармалыгынын башчысы Эсенбек Эргешов билдирди. Анын айтымында, талапкерлер үчүн тандоо төмөнкүдөй тартипте жүрөт: * Талапкерлер милдеттүү түрдө корей тили боюнча тест

Акциздик марканы сканерлеп – мыйзамдуу товарды тандаңыз

Акциздик марканы сканерлеп – мыйзамдуу товарды тандаңыз

“Акциздик маркаларды сканерлеңиз – мыйзамдуу товарды тандаңыз!” деген чакырык менен Мамлекеттик Салык кызматы алкоголдук ичимдиктерди, тамеки буюмдарын жана таттуу суусундуктарды текшерүү “Салык” мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү экенин маалымдады. Билдирүүгө караганда – бул товардагы акциздик маркаларды текшерүү аркылуу анын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин аныктоого болот. 💡Акциз маркасы — бул алкоголдук жана тамеки продукцияларына чапталган, бюджетке