Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Бала бакчаларды курууга 1 млрд доллар бөлүнүшү керек – Д.Бекешев

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев  Финансы министрлиги тарабынан олуттуу реформалар жүргүзүлбөсө жана бала бакчаларды курууга жок дегенде 1 млрд доллар бөлүнбөсө кырдаал өзгөрбөй турганын билдирди.

"Азыр биз жактыра турган 6 млн доллар — чынын айтканда, өлкө масштабында бул эч нерсе эмес. Биз жөн гана бир шаарга бирден бала бакча "чачып" жатабыз. Муну менен маселе чечилбейт. Финансы министрлигине кайрылып, ири каражат бөлдүрүү керек", — деди Дастан Бекешев.

Сөз "Билим берүү келечек үчүн" долбоорун кошумча каржылоо тууралуу болуп жатат. Ага ылайык, Кыргызстан Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 4 млн 360 миң доллар көлөмүндө кредит жана 2 млн доллар грант алат. Макулдашууга 2025-жылдын октябрь айында Вашингтондо кол коюлган.

Учурда Кыргызстанда 3–5 жаштагы балдардын мектепке чейинки билим берүү менен камтылышы болгону 51%ды түзөт. Тиешелүү мекеме 2030-жылга чейин бул көрсөткүчтү 80%га жеткирүүнү максат кылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Мэрия жерлерди сатып алуу үчүн коэффиценттерди киригизүүнү сунуштады

Бишкек шаарынын мэриясынын орун басары Азамат Кадыров 30-мартта Бишкек шаардык кенешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында мурда убактылуу ижарага берилген жер тилкелерин сатып алуу тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Анын айтымында, документ жаңы Жер кодекси күчүнө киргени менен байланыштуу даярдалган. "Жер кодексине ылайык, жер тилкелерин сатып алуу боюнча нормалар буга

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү  курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарында 600дөй жер тилкеси көп кабаттуу үйлөрдү курууга берилген –Азамат Кадыров

Бишкек шаарыда 580–600дей жер тилкеси көп кабаттуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу үчүн убактылуу ижарага берилгенин 30-мартта мэриянын орун басары муниципалдык мүлк, жер маселелери, шаар куруу жана архитектура боюнча Бишкек шаардык кеңешинин туруктуу комиссиясынын жыйынында билдирди. Анын айтымында, бул жерлердин болжол менен 40%ы пайдаланууга берилген, калган бөлүгү азыр

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районундагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө арпа таратылды

Ат-Башы районунда калктын социалдык жактан корголбогон катмарларына мал азыгы таратылганын райондук мамлекеттик администрация билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, жардам климаттын өзгөрүшүнө туруктуу азык-түлүк системаларын өнүктүрүү долбоорунун алкагында көрсөтүлдү. Районго 135 тонна арпа жеткирилген. Азыктар 864 үй-бүлөгө бөлүштүрүлдү — ар бирине 156 килограммдан берилди. Белгиленгендей, бул долбоор райондо быйыл экинчи жолу ишке ашырылып

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Парламент 67,7 млн евролук долбоорду биринчи окууда жактырды

Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети "Кемин — Балыкчы" жогорку чыңалуудагы электр берүү линиясын жана 500 киловольттук көмөк чордонун куруу боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды. Ири энергетикалык долбоордун жалпы наркы 67,7 млн еврону түзөт. Каржылоонун негизги бөлүгүн — 61,7 млн еврону Европалык реконструкциялоо жана