Кыргызстанда 125 775 бала бала бакчаларга электрондук кезекте турат
Кыргызстанда бала бакчаларга электрондук кезекте 125 миң 775 бала турганын Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында билим берүү министринин орун басары Надира Джусупбекова билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жалпы 1 жаштан 6 жашка чейинки 765 миң 769 бала бар. Алардын ичинен 320 миң 13ү мектепке чейинки билим берүү уюмдарына барат.
Ал ошондой эле кезекте турган балдардын саны туруктуу эмес экенин, ал дайыма өзгөрүп турарын белгиледи.